Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннандын айтымында, Ливанда жайгаштырыла турган эл аралык бейпилдик күчтөрүнүн жарымынан көбү Европа мамлекеттеринен жиберилмей болду: "Күчтөрдүн негизги бөлүгүн Европа мамлекеттери жибере турмай болду жана биздин бүгүнкү жыйында ал тууралуу бек убада берилгенин мен терең ыраазылык менен кабыл алдым", - деди Аннан кечээ күнү Брюссель шаарында Европа Биримдигине кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлери менен жолуккандан кийин.
Францияга кайрылып Аннан Ливандагы эл аралык бейпилдик күчтөрдү жетектөөнү суранды. Франция менен Финляндиянын тышкы иштер министрлери Филип Дуст-Блази жана Эркки Туомиоянын айтымында, Европа Биримдиги Ливанга жети миңге жакын аскер жиберет.