Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

ЛИВАНДА ЧАЧЫРАМА БОМБАДАН 13 КИШИ КУРМАН БОЛДУ


Улуттар Уюмунун гуманитардык жардам боюнча жооптуу өкүлү Ян Эгеланд Израилди Ливандын түштүгүндө чачырап тийме бомбаларды колдонгондугу үчүн кескин сынга алды. Куралдардын бул түрүнө эл аралык эрежелер боюнча тыйуу салынган. Эгеланддын айтымында Ливанда иштеп жатышкан эксперттер чачырап тийме бомбалардын жарылбай калган 100 миңден ашык бөлүкчөсүн табышкан. Израиль эл аралык нормаларды бузбаганын айтып жатат.

Түштүк Ливанда иштеп жатышкан эл аралык эксперттер чачырап кетүүчү бомбалардын 100 миңден ашык жарылбай калган калдыктарын таап алышты. Улуттар уюмунун Гуманитардык жардам боюнча жооптуу өкүлү Ян Эгеланд 30-августта Улуттар уюмунун баш кеңсеси Нью Йоркто сүйлөгөн сөзүндө буларды билдирди.

-Улуттар юумунун миналардан тазалоо иштери боюнча координациялык борбору бомба жарылган жерлердин кеминде 85 процентине жакынын изилдеп чыгып, 400гө жакын чачырама бомба тийген жерлерди таап алды. Ал жерлерден ошондой эле чачырама бомбалардын 100 миңден ашык бөлүкчөлөрү табылган ,- деп билдирди өкүл.

Ян Эгеланд ошондой эле эң өкүнүчтүүсү жана кайгылуусу бул бомбалардын басымдуу бөлүгү согуштун акыркы 72 сааттынын ичинде ташталгандыгында экенин баяндады.

-Жүрөк үшүн алган нерселердин бири чачырама бомбалар менен бомбалоо согуштун акыркы 72 сааттынын ичинде, жалпы коомчулук согуш бүтөөрүнө аз калнганын билип калган учурда болгон. Бул жорук барып турган ыймансыздык ,- деп билдирди Эгеланд.

Эксперттердин айтымында азыр андай бомбалардын калдыктары Түштүк Ливандагы үйлөрдүн короолорунда, үйлөрдүн ичинде жана көчөлөрдө жатат. Алар ар бир кыймылдан жарылып, кишилерге зыян келтириши ыктымал.

Бирок Израиль андай бомбаларды колдонгондугун төгүнгө чыгарып жатат. Эл аралык эрежелер боюнча чачырама бомбаларды колдонууга тыйуу салынган.

-Израилдин коргоо күчтөрү колдонгон баардык каруу-жарактар мыйзамдуу болучу жана эл аралык нормаларды сактоо менен колдонулган,- деп билдирди Израилдин Коргоо министрлигинин өкүлү.

Анын аралыгында Ливанда айлана чөйрөнү бомбалар менен жарылбай калган миналардан тазалоо улантылып жатат. Жумуш көп болгондугуна байланыштуу бул иш өтө жай баракаттык көп мээнетти талап кылуу менен ишке ашырылып жатат. Куралдуу кагылышуулар токтогон 14-августтан бери эле бомбалардын калдыктарынан 13 ливандык жаран курман болуп, 50гө чукулу жаракат алды. Эксперттер аймакты бомбалардан тазалап бүтүү үчүн кеминде бир жыл керек боло турганын айтып жатышат.

Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары

XS
SM
MD
LG