Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:46

15 ЖЫЛДЫК ЭКОНОМИКАЛЫК РЕФОРМА: $ 2 000 000 000 КАРЫЗ


Эларалык каржы институттарынын көмөгү менен жүргүзүлгөн Кыргызстандагы экономикалык реформалардын натыйжасы кандай болду? Бул суроо кедей өлкөлөрдүн тышкы карызына байланышкан «Хипк» демилгесине кошулуу-кошулбоо талашы күчөгөн чакта саясий маани-мазмун алууда.

Тышкы карыздын көлөмү Кыргызстандын ички дүң продуктусуна теңдешип калган чакта эларалык валюта корунун кедей өлкөлөрдүн карыз жүгүн жеңилдетүү демилгеси чыгып, эки жылдан бери ага кошулуу же кошулбоо талашы токтолбой келатат. Ушу тапта каадалуу жыйындардын текши баарында «Хипк» маселеси сөзсүз козголот, ал тууралуу адистердин, андай эместердин деле пикирлери маалымдоо каражаттарында байма-бай жарыяланып турат.

2 миллиард ашуун доллар карызды кантип кайтаруу өкмөттүн баш оорусуна айланууда. Эгемендик тушундагы экономикалык реформалардын натыйжасы Кыргызстанды олчойгон тышкы карызга батырып койду. Ошондон эларалык каржы уюмдарынын көмөгүнүн кайрымжысы кандай болду деген дагы бир суроо чыкпай койбойт.

- Менимче, азыр ким күнөөлүү экенин так аныктап айтыш кыйын. Албетте, кемчиликтер болгонун эч ким танбайт. Жоопкерчиликтин бир жагын чет элдик кредиторлор, каржы уюмдары өзүнө алышат. 90-жылдары көп өлкөлөр карыз акчаны арбын алышкан. Негизги себептердин бири - күтүлгөн ыкчам өнүгүү болбой, карыздын көбөйүп кеткени. Ошондон айрым өлкөлөр улам-улам карыз алышка мажбур болушкан,- дейт эларалык валюта корунун миссия жетекчиси Пауло Нойхаус.

Эларалык каржы уюмдарынын айткан-дегендерин эки кылбаган өлкөнүн минтип экономикалык көз карандылыктан кутула албай отурушу сырттан келчү каржылык колдоонун натыйжасына ишенбөөчүлүктөн башканы жараткан жок.

- Бейөкмөт уюмдардын көбү, саясий партиялар, дегеле жарандык коом биздин «Хипк» программасына кирүүбүздү каалашпайт. Мына ушул коомдук маанай өкмөткө да таасирин тийгизүүдө. А бирок өкмөт эгер ушул программанын артында карыз жүгүн жеңилдетүү мүмкүнчүлүгү турса элге жакпаганына карабастан, атүгүл өкмөттү кызматтан кетиришсе да биз бул кадамга барышыбыз мүмкүн. Кимдир бирөө жоопкерчиликти моюнга алышы керек,- дейт өкмөт башчы Феликс Кулов.

Он беш жылдык экономикалык эксперименттин көңүл жубатпас жыйынтыгына ким жооп бериши керек? Илимпоз-экономист Жусуп Пиримбаевдин ырасташынча, кыргыз өкмөтүнө кошулуп эларалык каржы уюмдары да жоопкерчиликти моюнга алышы керек.

- Жоопкерчиликти баары чогуу бөлүшүүсү керек. Себеби эксперттердин баары ошондо эле «бардыгы туура» деп бүтүм чыгарып беришкен.

Профессор Издебалды Исаков да ушундай эле пикирде. Келген акчалардын бири да өнөр жай өндүрүшүнө жумшалбады, дейт ал.

- Өнөр жай ишканаларын же болбосо айыл чарбасын көтөргөн жыйынтык болгон жок.

Өкмөт тоокен өндүрүшүнө, энергетикага өзгөчө басым жасап, сырттан инвестиция чакыруунун аракетин көрүүдө. Бирок эки тармакка бапыратып инвестиция салууга куштар ири ишкерлер азырынча келе элек.

XS
SM
MD
LG