Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:24

ЛИВАНГА ИТАЛИЯНЫН АСКЕРЛЕРИ КЕЛЕ БАШТАДЫ


Бүгүн Ливанга италиялык контингент келе баштады. БУУнун бейпилдик күчтөрү Израиль менен Хезболла согушкерлери ортосундагы ок атышпоо келишиминин аткарылышын камсыздашмакчы. Италиянын деңиз аскерлери Жер ортолук деңизиндеги Тир портуна жайгаштырылат.

Италиянын коргоо министри Артуро Паризи миссиянын максатына мындайча токтолду:

-Миссия тынчтыкты камсыздоону көздөйт. Ал үчүн биз бардык касташкан тараптар менен алака түзөбүз. Эми алар тынчтыкта жашайт деп үмүттөнөбүз.

Ишемби-жекшемби күндөрү Ливанга италиялык 700 деңиз аскерлери келмекчи. Бардыгы болуп Рим өкмөтү 3 миң жоокер жиберүүгө убада кылган.

БУУнун Ливандагы бейпилдик күчтөрү буга чейин 2 миң аскер болчу. Эл аралык контингент негизинен байкоочу функциясын аткарып келген. Коопсуздук кеңеши өткөн айда кабыл алган резолюциясына ылайык, жаңы күчтөрдүн саны көбөйтүлөт жана ролу кеңейтилет деп жазган.

15 миң кишиден турган контингентке Франция жетекчилик кылмакчы. Андан тышкары испаниялык 1 миң жоокер Ливанга аттанууга даяр. Польша, Индонезия, Бельгия да бейпилдик миссиясына өз салымын кошушат.

Франция эмки жылдын башына чейин Ливандын өзүндөгү операцияларга башчылык кылса, Италия бейпилдик күчтөрүнүн саясий структураларын жетектейт.

Италиянын өкмөт башчысы Романо Проди жума күнү Франциянын премьер-министри Доминик де Вилпен менен жолугушуп жатып:

-Италия менен Франциянын Ливандагы кызыкчылыктарына, тажрыйбасына, өз ара кызматташтыгына негизделип региондогу миссиянын пайдубалын биргелешип түзүшүбүз керек,деди.

БУУнун баш катчысы Кофи Аннан эларалык күчтөр түштүк Ливанга жайгашаары менен Израилдин аскерлери аймактан чегинүүгө тийиш деп билдирген.
Бейпилдик контингенттин кол башчысы генерал-майор Алэн Пелегрини аталган күчтөр жакыңкы 2 жумада келет деп ырастады.

Телавивтин өтүнүчүнө карабай, Улуттар уюмунун аскерлери Сирия менен Ливандын чегарасына жайгаштырылбайт.


Айнура Асанкожоева

XS
SM
MD
LG