Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:22

Ооганстанда 4 канадалык аскер атышууларда курман болду


Канада кечээ түштүк Ооганстанда НАТОнун күчтөрү талибдерге каршы өткөргөн аскерий операция учурунда 4 канадалык аскер курман болгонун ырастады. “Медуза” деп аталган операция учурунда “талибдер болушу мүмкүн” деп шектелген Кандагардагы Панжвай деген районго абадан жана жерден сокку урулган. НАТОдон билдиришкендей, ишембиде башталган операция учурунда 200 дөн ашуун талиб жок кылынды. Бирок бул маалыматты азырынча көз-карандысыз тараптар ырастай элек.

XS
SM
MD
LG