Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:48

14:00 Кыргызстандык жаран казак бийлиги тарабынан Өзбекстанга өткөрүлүп берилген эмес


БИШКЕК. Казакстандын башкы прокуратурасы өткөн аптада кыргызстандык жаранды өзбек бийлигине өткөрүп берген эмес. Бул тууралуу бүгүн башкы прокурор Камбаралы Конгантиев билдирди. Буга чейин бир катар маалымат каражаттары 31-августта Казакстандын башкы прокуратурасы Кыргызстандын жараны Назиржон Худойназаровду Өзбекстанга өткөрүп берди деп жазып чыгышкан. Камбаралы Конгантиев билдиргендей, Худайназаров Кыргызстандын эмес, Казакстандын жараны. Маалыматтарга караганда, өзбек бийлиги 18 оор кылмыш боюнча издөө салган Худойназаровду Казакстандын атайын кызматы 11-июлда Астанада кармаган. Тагылган айыптардын катарында киши өлтүрүү, терроризм, улуттук, расалык, диний чагым өндүү айыптар бар.

XS
SM
MD
LG