Аксынын Бозбиек айлында турган элдик курултайда жылбай аткан демократиялык реформалардын тагдыры, белчеден чырмаган коррупция, Акаевдик бийликтин дале жашап жатышы, мүлктү кайра бөлүштүрүү жосундары сыяктуу кыйчалыш маселелер талкууланмакчы. Депутат Мелис Эшимкановдун айтымында, анда коюлган талаптардын аткарыла башташы үчүн Орозо айтка чейин убакыт берилет. Курултайдын экинчи этабы Орозо айттан кийин Бишкек шаарында өтүп, алгачкы этапта коюлган талаптардын жыйынтыгы каралат.