Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:44

ТООЛУУ КАРАБАК МАСЕЛЕСИН ЧЕЧҮҮДӨГҮ КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР


Нарын АЙЫП, Прага СССР чачырагандан кийин анын ордунда түзүлгөн айрым жумурияттардын ичиндеги автономиялар да өз эгемендүүлүгүн жарыялаган. Алардын катарына кирген, мисал үчүн, Днестр жумурияты жана Түштүк Осетия жакын арада эгемендүүлүк маселеси боюнча элдик референдум өткөрө турганын билдирди. Тоолуу Карабакта андай референдум даярдала элек, бирок анын маселеси дагы татаал.

Тоолуу Карабактын жетекчилиги азырынча андай референдум жөнүндө айта элек, бирок жумурияттын келечеги боюнча сүйлөшүүлөр дагы эч кандай жыйынтык бербей жатат жана акыркы мезгилде кыйынчылыктар да пайда болууда. Мисал үчүн, Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан Бириккен Улуттардын Жалпы ассамблеясынын сессиясынын күн тартибине Азербайжандын демилгеси менен Карабак маселеси киргизилди жана ал - сентябрдын аягында каралууга тийиш.

Армения ага каршы. Еревандын айтымында, Карабак маселеси Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун ортомчулугу менен өтүп жаткан сүйлөшүүнүн чегинде гана каралууга тийиш. Мындан эки жыл мурда, 2004-жылы дагы Азербайжан ушундай демилге көтөргөндө, Армения - биз сүйлөшүү жараянынан чыгып кетебиз дегендиктен, маселе кийинкиге калтырылган.

Сүйлөшүү болсо кыйын жүрүп жатат. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун чегинде Минск тобу деп аталган ортомчулар уюму түзүлгөн жана анын чегинде, мисал үчүн, жакында Армения менен Азербайжандын тышкы иштер министрлери менен сүйлөшүү эки башка өткөрүлдү. Армениянын министри Вартан Осканян менен сүйлөшүү 12-сентябрда Париж шаарында болуп өтсө, Азербайжан министри Элмар Мамадиаров менен сүйлөшүү анын эртеси, 13-сентябрда Лондондо өттү.

Үстүбүздөгү жылдын февралында Париж алдындагы Рамбуйе шаарында Азербайжан менен Армения президенттери ортосундагы сүйлөшүү ийгиликсиз аяктаган. 16-октябрда болсо Минск шаарында Шериктештиктин саммити өтүүгө тийиш жана анын алкагында дагы эки президент жолугуп сүйлөшүшү мүмкүн деген кабарлар бар.

Бирок армян тышкы иштер министри 12-сентябрда Парижде өткөн сүйлөшүүдөн кийин - андай жолугушуу болоорунан күмөн санаганын билдирди: "Министрлер жолугуп, сүйлөшүүнү улантуу мүмкүн жана андан жыйынтык чыгышы ыктымал деп макулдашкандан кийин гана президенттердин жолугушуусу тууралуу ойлонсо болот", - деди армян президенти "Азаттыкка". Бирок министрлер азырынча жолугуп сүйлөшө албай жатат.

СССРде кайра куруу жүрүп жатканда, 1980-жылдардын аягында Азербайжандын курамындагы Тоолуу Карабак автономиясы эгемендүүлүктү же кошуна Арменияга кошулууну талап кылган, анткени анын көпчүлүк калкы армяндар болчу. Бакы аларды күч менен басууга аракеттенгенде, кадимки согуш чыккан. Анын натыйжасында армяндар автономиянын аймагынан Азербайжандын өкмөттүк аскерлерин кууп чыккан жана автономия менен Армения ортосундагы Лачин деген аймакты да басып алган. Азербайжан азыр - анын 20 пайыз аймагын Армения оккупациялап алган деп эсептейт.

Кыргыз парламентинин спикери Медеткан Шеримкуловдун ортомчулугу менен 1994-жылдын май айында Бишкекте Армения менен Азербайжан өкүлдөрү жолугуп, ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашкан жана ошондон бери маселе дипломатиялык ыкмалар менен каралууда.

XS
SM
MD
LG