Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Террорчулуктан шектелип кармалгандар тууралуу АКШда жаңы мыйзам даярдалууда


АКШ президенти Жорж Буш 15-сентябрда билдиргенге караганда, ал жакында Конгресске жаңы мыйзам долбоорун сунуштайт. Ал мыйзам боюнча террорчулуктан шектелгендерди кантип суракка алуу жана соттоо эрежелери такталат. "Террорчулар менен экстремисттерге каршы биз дүйнөлүк коомчулук менен биргелешип күрөшүп, алардын көз карашына каршы идеология иштеп чыгуу менен кошо өзүбүздүн аскерлерибизге жана атайын кызматтарыбызга - биздин мамлекетти башка террордук аракеттерден коргоону көздөгөн курал беришибиз керек", - деди Буш. Америкалык оппозиция жана адам укуктарын коргогон эл аралык уюмдардын айтымында, АКШ тарабынан кармалган шектүү адамдар айрым учурларда жашыруун абактарда кыйналган. Сенаттын аскерий маселелер боюнча комитети болсо президенттин сунушун четке кагып, сенатор Жон Уорнер даярдаган долбоорду колдоого алууда.

XS
SM
MD
LG