Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:52

КАРАКУЛЖАДА ПРЕЗИДЕНТ БАКИЕВДИ КОЛДОО БОЮНЧА МИТИНГ БОЛДУ


16-сентябрь күнү Каракулжа райондук мамлекеттик акимчилигинин алдында бийлик бутактарын ынтымакка чакыруу жана президент Курманбек Бакиевди колдоо боюнча тынчтык митинги болуп өттү.Оппозициялык маанайдагы “Атамекен” партиясынын жергиликтүү өкүлдөрү бул иш чараны саясий жасалмалуулук катары баалашты.

Эртең менен 400дөн ашуун адам райондук акимчиликтин алдына “Элге бейпилдик керек!, "Бакиев эл менен!", "Саясий бузукулар жоголсун!” деген ураандарды көтөрүп келишти. Алайкуу өрөөнүнөн келген Шермамат Токоев президент али колдоого татыктуу деген оюн билдирди:

- Биздин Алайкуу эли деңиз деңгээлинен 2 миң метр бийиктикте турган эл. Биз мурдагы бийликтин жасаган иштерин, кийинки бийликтин жасаган иштерин, парламенттин жасаган иштерин ошол бийиктикте туруп алып көрүп турабыз,- деди Токоев.

Тынчтык митингин алып барган Абдырасул Абдыкадыров болсо иш чара "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын жергиликтүү уюму тарабынан уюшутурулуп жатканын эскертүү менен анын максаттарына токтолуп өттү:

- Бүгүнкү тынчтык митингибиздин негизги максаты, өлкөбүздөгү саясий стабилдүүлүккө үндөө, жалпы элибизди ынтымакчылыкка, биримдикке чакыруу. Ошондой эле ар кандай иш чараларды ынтымак, биримдик менен чечүү максатында парламентке жана биздин бир тууган бордош Аксы элине кайрылуу болуп саналат, - дейт Абдырасул Абдыкадыров.

Митингде "Атамекен", "Асаба" сыяктуу оппозициялык маанайдагы саясий партиялардын айрым бир мүчөлөрү сөз сурап, сүйлөөгө аракеттеништи эле, бирок аларга мындай мүмкүнчүлүк берилген жок.

- Мына ушундайдан элдин кыжыры келип атат. Азыр дагы ачык айткандарды чыгарып сүйлөтпөй атат. Азыртан эле бир жактуу болуп, туура эмес болуп атат, - деген нааразылыгын билдирди "Атамекен" социалисттик партиясынын жергиликтүү өкүлү Жумабай Иманкадыров.

Жыйындын аягында Жогорку Кеңештин атына мындай мазмундагы кайрылуу кабыл алынды:

- Депутаттарды таркатып, жаңы демократиялык Кыргызстанды түзөлү. Жогорку Кеңешти оң жолго салууңузду өтүнөбүз. Депутаттар бүт элдин атынан сүйлөбөсүн. Элдин пикири 90 пайыздан ашык добуш менен шайланган президент менен бирге. Президенттин иштөөсүнө тоскоолдук кылышпасын. Ушул кайрылуубузду тастыктап, Каракулжа районунун карапайым калкынын атынан көпчүлүк кол койду, - деп айтылат 473 адамдын атынан кабыл алынган кайрылууда.

Кубанычбек Жолдошев, Каракулжа

XS
SM
MD
LG