Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:52

ЖОРЖ БУШ: АКШ ИСЛАМГА ЭМЕС, ЭКСТРЕМИЗМГЕ КАРШЫ


Президент Жорж Буш АКШ ислам менен эмес, экстремизм менен согушуп жатканын белгиледи. Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йоркто өтүп жаткан Башкы ассамблеясындагы сөзүндө америкалык лидер Иракта, Ооганстанда, Ливанда,палестин жергесинде демократиялык процесстер жүрүп жатканын да бөлүп көрсөттү. Ошол эле учурда Буш региондогу айрым өлкөлөрдүн жетекчилерин сынга алды.

Батыш өлкөлөрүнүн жалпы мусулмандарга, айрыкча Жакынкы Чыгыштагы элдерге эч кандай кусаматы жок, болгону алардын арасындагы экстремисттер менен элдеше албайт. Дал ошол экстремисттер Батыш исламга каршы уруш баштады деп ырастап, тетири үйүт таратып жатышат. Бу калп. “Биз исламды урматтайбыз,бирок биз өз калкыбызды ошол исламды бурмалап, кыргын жана бүлгүн салгысы келгендерден коргойбуз”,- деп айтты Буш. Батыш өлкөлөрү өз муратын, Буштун айтымында, мусулман дүйнөсүнө баракаттуу, байистүү жана жетиштүү коом курганга жардамдашуудан көрөт.

Буш Жакынкы Чыгышта жайылып бараткан демократияга колдоо көрсөткөнгө убада берип,башка өлкөлөрдү да буга көмөктөшүүгө чакырды. “Эркиндик,табиятынан алганда, таңууланбас нерсе, аны тандап алганга гана болот. Бейруттан тартып Багдадга чейин эркиндикти эл өзү тандап алууда”, - деди Буш.

АКШ президенти иран калкына да ушундай апазда кайрылды. Батыш жамааты ирандыктарды,алардын өлкөсүн,тарыхын жана маданиятын урматтайт. Кептин баары, Буштун айтымында, ирандыктардын азыркы өкмөтүндө. Тегеран лидерлерин Буш элдин эркиндигин чектеп, өлкөнүн ресурсун терроризмди каржылоого, экстремизмди козутууга, ядролук курал жасоого пайдаланып жатат деп эсептейт. “Иран ядролук курал жасоону көздөгөн дымагынан баш тартууга тийиш”,- деп айтты Буш. Ал ошону менен бирге ирандыктардын атомдун кубатын жайчылык максаттарга пайдаланышына АКШ каршы эместигин, азыркы кризисти дипломатиялык жолдор менен чечкенге аракеттер көрүлүп жатканын, түбү барып иран калкы эркиндикке жетишип,эки өлкө жакшы дос, тынчтык ишинде өнөктөш болуп калышы керектигин да белгилеп өттү.

Сириялыктарга кайрылып, Буш бул элдин узак жана сыймыктуу тарыхы бар экенин эске салды. Бирок азыркы өкмөттү Сирияны “терроризм тогошкон” аймакка айлантып, Ливандагы “Хезболла” жана палестин жериндеги “Хамас” топторуна ээн-элкин курал-жарак алганга мүмкүндүк түзүп жатканы үчүн сынга алды. Жакынкы Чыгыштан тышкары Буш Дарфурдагы кырдаалга токтолуп, качкындарга гуманитардык жардам көрсөтүү ишин күчөтүүгө, НАТОну буга ооруктан көмөктөш болууга чакырды. Судан кризисин жөнгө салуу боюнча Улуттар Уюму жасап жаткан кадамдарды колдоп, Буш өзү да бу маселе боюнча атайын өкүлүн дайындаганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG