Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:37

ОШ: ӨРТТӨН ЖАБЫРКАГАН ИШКЕРЛЕР НААРАЗЫЛЫК ЧАРАСЫНА ЧЫГЫШТЫ


Өткөн жылкы борбордук базарда чыккан өрттөн жапа чеккен ишкерлер 25-сентябрь күнү Ош облустук мамлекеттик акимчилигинин алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар бир жылдан ашуун убакыттан бери өрттөлүп кеткен товарларынын наркын базар ээсинен өндүрө алышпай, адилеттик издеп жүргөндүгүн айтышуу менен бул ишти жөнгө салууда сот органдарынын аракетине нааразы экендиктерин билдиришти.

"Төлөп бере турган адам камеранын ээси Эминов Аманулла. Ошол киши моюн бербей качып атат, анын аркасынан чуркап жүрөбүз. Былтыр 11-сентябрда өрттөнгөн. Мына экинчи жылга кетип атат, эч кандай жыйынтык жок", - деди жапа чеккендердин бири Зинакан Тринбаева.

Ошол учурда түзүлгөн комиссиянын маалыматына караганда, базардагы жүк сактоочу жайда өрттөнүп кеткен товарлардын жалпы суммасы 6 жарым миллион сомду түзөт. Жапа чеккен ишкерлердин көпчүлүгү каражатты ири суммада банктардан карызга алышкандыктан келтирилген зыянды ордуна келтирүүдөн кыйналып жатышкандыгын айтышты:

"100 миң сомдон баштап арты 30 миңге чейнкилер бар. Тергөөгө бар дейт, тергөөгө барсаң сотко бар дейт, сотко барсаң экспертке бар дейт. Эксперт жыйынтык чыгарбайт, ошону менен жүрөбүз", - дейт жабырлануучулардын бири Алмаз Кыдырмышев.

Бир канча убакыттан соң жапа чеккен ишкерлер менен президенттин түштүк аймагы боюнча өкүлү Жантөрө Сатыбалдиев, Ош шаарынын мэри Жумадыл Исаков, укук коргоо жана сот органдарынын башчылары келип жолугушуп, ишти терең иликтеп жакынкы күндөрү маселени бир жагына чечип бере тургандыктарын убада кылышты.

Эки тараптуу жолугушуудан соң бийликтин он күндүк мөөнөттө маселени чечип берүүнү талап кылышкан ишкерлер таркап кетишти.

Кубанычбек Жолдошев, Ош

XS
SM
MD
LG