Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

МАСКӨӨДӨ КЫРГЫЗСТАН АТУУЛУ БЫЧАКТАЛЫП ӨЛТҮРҮЛДҮ


Москвада 1-октябрда түнү кимдир бирөө кыргыз жаранын бычактап өлтүргөн. Окуя Балаклавск проспектисинде болгон жана биринчи келген маалыматта курман болгон маркумду ордо калаада жер шыпыргыч болуп иштеп жүргөн экен деген эле. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен биздин кабарчы алган маалыматка караганда кыргызстандык жаранды өлтүрүүнүн бир себеби - улуттук касташуудан улам болгон дешет. Кылмыш иши боюнча иликтөө иши башталганы дайын болду. Кыргызстан элчилигинин алдындагы мигранттар менен иштөө кызматынын жетекчиси Тажимамат Шаболотов бул кайгылуу окуя тууралуу кабарчыбыздын суроолоруна жооп берди.

- Кайгылуу окуя боюнча Сизде кандай маалымат бар?

- Бул жигит инисине келген экен. Иниси бала бакчада кароолчу болуп иштеген экен. Иниси дагы бир байкесин тосуп аэропортко кетип, өзүнүн ордуна аны (байкесин – ММ) таштап кетиптир. Ошол түнү түнкү саат он бирлерде кире бериште бычак сайып кетиптир. Иликтөө иши жүрүп атат. Элчилик, консулдук менен бирдикте жүрүп атат. Киши өлтүрүү беренеси астында кылмыш иши козголду.

-Кайгылуу окуя эмнеден улам болгондугу тууралуу алдын ала болсо да айтылган ойлор барбы?

- Азыр алар бир нече божомол айтып атышат, бирок иштин жыйынтыгы чыкмайын эч нерсе дей албайбыз. Бир туугандары (элчиликке – ММ) келишти. Аларга жардам көрсөтүлдү. Сөөктү бул жактан (Кыргызстанга – ММ) жеткире турган фирманы таптык. Тыйын-тыпырын түшүрүп, арзандатып сүйлөшүп бердик.

Маркумдун аты жөнү белгилүү болдубу?

- Ал жигит Кадамжай районунан экен. Анарбаев Азамат. 1977-жылы туулган экен.

-Окуя качан болуптур?

- Биринчи октябрдин түнү болуптур. Азыр Москванын Зюзиндик районунда прокуратура орусиялык УК 105-макаласы астында кылмыш ишин козгоду. Оор кылмышты иликтөө тобу колго алыптыр ошолор изилдеп атышат.

-Кармалган-эткен киши жок деңиз?

- Азырынча айтыша элек. Кылмыш жасалары менен кармоо болбогондуктан кылмышкерди издөө создугат деп атышат. Москванын Түштүк-Батыш админстративдик округунун иликтөөчүлөрү иш жүргүзүп атышат. Бизге белгилүү болору менен элчиликтен барып «Ай! Мунун артында биз барбыз! Бул эки өлкөнүн ортосундагы мамиле» - дегендей кылып, дароо кылымыш ишин ачтырдык.

- Маскөөдөгү диаспора менен байланыштыгы болгон бекен анын?

- Москвада диаспорадан эки-үчөө бар. Бирок ар бири өз алдынча.

Кошумчалай кетчү кеп. Орусияда канча кыргызстандыктар жүргөнүн так билген булак жок. Быйыл жыл башында (март – ММ) элчиликтен алган алган маалыматта 300 миңдин тегерегинде. Алардын басымдуу көпчүлүгү Маскөө калаасы менен Маскөө обулусунда.

Орусиянын коюнунда славян түстүү эместерге жашоо кыйындап барат. Мыйзамсыз келип алган иммигранттар менен күрөшүү кыймылынын жетекчиси Александр Беловдун бир гана талабы бар: «Талап - жөпжөнөкөй. Жоголгула! Силерге 24 саат берилет!», - дейт.

Ырасмий түрдө алынган тизмеде ашынган улутчул жаштардын өңү славяндарга окшобогондорго кол салуусу отуздан ашуун региондо катталган.
Бийлик улутчул жаштар кыймылын теске салууну азырынча колго ала элек. Ал арада КМШ өлкөлөрдөн иш издеп келген Анарбаев Азамат сыяктуу жигиттер алардын бычагынын мизинен бөйдө ажал табышууда.

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы

XS
SM
MD
LG