Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:43

ЯКОВЕНКО: ОРУСИЯДА ОН БЕШ ЖЫЛ ИЧИНДЕ 246 ЖУРНАЛИСТ КИШИ КОЛДУУ БОЛУП ӨЛДҮ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Бүгүн, Москвада орусиялык таанымал журналист Анна Политковскаянын сөөгү жерге берилет. Ал ишембиде үйүнө кирип бараткан жерден кимдир бирөө атып кеткен.Маркумдун өмүрүнө кол салуунун башкы себеби анын журналисттик кесиби болду дешет. Анализчилер баамында кийинки жылдары, Орусияда бийлик «суверендик демократия» куруу жолуна түшкөндөн тартып, журналисттердин киши колдуу болуп өлүшү арбып барат. Ошондой эле канчалык чуулгандуу киши өлтүрүүчүлүк болбосун кылмыштын бети ачылбаган бойдон калып атышын айтышууда.

Орусиялык журналисттер абалы туурасында кеп Политковская атылып кетишинен улам пайда болду. Ал кылмышты иликтөөгө өзүм көзөмөл болом деп башкы прокурор Юрий Чайка убада берди. Бирок дал ушул убада Аннанын кесиптештерин туталантууда. Бийлик буга дейре канча жолу убада берип, бирок кылмыштын бети ачылбаган бойдон кала берет дешет.

Орусиялык журналисттер союзунун катчысы Игорь Яковенко бул багытта бийликке ишеними жок экенин жашырбайт: «Кийинки он беш жыл ичинде биздин дасыккан 246 журналистибиз киши колдуу болуп өлүштү. Бирок бийлик кылмышкерлер бетин ачууда бир да жолу жакшылап иш жүргүзбөдү», - дейт Яковенко мырза «Азаттык» үчүн айткан пикиринде.

Белгилүү алып баруучу Владимир Познер айтканга караганда: «Журналисттин киши колдуу болуп өлүшү мындан ары да боло берет. Бүт дүйнө боюнча ала келгенде, кийинки 15 жыл ичинде, 500гө чукул журналист өлтүрүлгөн», - дейт.

Өлкөдө саясий маанайдын курчушу калемгерлер колун байлап саларын Коомдук палата мүчөсү, «Күзгү» берүүсүнүн алып баруучусу Николай Сванидзе айтты:

«Журналистика кесиби атуулдарга дайыма кабар айтып турууга негизделген. Эгерде анын тилин бууп салса анда ал атасынын башын айтабы! Өлкөдө ички жагдай катаалданган сайын бул(журналисттик – ММ) кесипке тыюу салуу да ошончолук чукул калганын көрөсүң», - деди биздин үналгы үчүн айткан пикиринде.

Орусиянын жетекчиси Владимир Путин эки жыл мурда маалымдоо жыйын учурунда, өлкөдө калемгерлер абалы кескин оңоло тургандыгын айткан:

«Башка өлкөлөр катарында биз жакшысы да жаманы да эмеспиз. Биздин алдыбыздагы маселе - маалымат каражаттарды экономикалык жактан көзкарандысыз абалга жеткирүү», - деген эле.

XS
SM
MD
LG