Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:37

МАРАТ КАЙЫПОВ: МАМЛЕКЕТТИК ТҮЗҮЛҮШКӨ КАРШЫ ЧЫГУУ ЭКСТРЕМИСТТИК АРАКЕТ БОЛУП ЭСЕПТЕЛЕТ


Жогорку Кеңеште эртең өлкөнүн бир катар мыйзамдарына сунуш кылынган өзгөртүүлөр колго салынышы керек. Бул ирет маселе өлкөнүн экстремисттик иш аракетке каршы туруу жөнүндөгү мыйзамына башка мыйзамдарды ылайыкташтыруудан улам келип чыгууда. Өзгөртүүлөр массалык маалымат каражаттары, дин уюмдары жана дин ишеним эркиндиги, жарандардын митинг, демонстрация өткөрүү укугу жөнүндөгү мыйзамдарга, Кылмыш Кодексине сунушталган. Алардын айрымдары боюнча “Азаттыкка” өлкөнүн юстиция министри Марат Кайыпов учкай түшүндүрмө берди.

- Диний уюмдар жана дин ишениминин эркиндиги жөнүндөгү мыйзамдан баштасак. Жаңы өзгөртүүлөрдө диний уюмдардын каттоо тартибин күчөтүү, татаaлдаштыруу жөнүндө сөз болуп жатабы, же башка маселеби?

- Жок, ал жөнүндө сөз болгон жок. Динге болгон эркиндикке тоскоолдук кылуу жөнүндө сөз болуп жатат. Экстремисттик уюмдарды түзүп, же экстремисттик чакырууларды жасап динге болгон эркиндикти бузууга тыюу салынат деп жазылып жатат.

-Бирок, быйыл жайда каттоо тартибин да күчөтүү керек деген сунуштар айтылып, атайын конференция өткөрүлдү эле. Ал маселе да күн тартибинде турабы?

- Мыйзам долбоорунда андай маселе күн тартибинде жок. Бул мыйзам долбоорунда экстремисттик иш аракеттерге каршы күрөшүү жөнүндөгү мыйзамдын негизинде жаңы башка мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керек. Мисалы, Кылмыш-Жаза кодексинде экстремисттик уюмду уюштурса, аны баштаса, же пландаштырса, же ага катышса жаңы кылмыш жазасы пайда болуп жатат.

-Ал эми жарандарды митинг, демонстрация өткөрүү укугу жөнүндөгү мыйзамга сунуш кылынган өзгөртүүлөрдүн маңызы эмнеде?

-Жарандар митинг өткөрүп жатканда эгерде мамлекеттин түзүлүшүн, же мамлекетти күч менен алам деп, же экстремисттик кандайдыр бир чакырууларды жасаса, анда бул митингге тыюу салынат.

-Кыргызстандын шартында оппозиция тараптанбы, же башка тараптанбы, бийликти сындаган же ага каршы ой-пикир айтуу кадимки эле көрүнүш. Мисалы кандайдыр бир митингде, жыйындарда айтылып жүрөт, жакындагы бир демонстрацияларда азыркы президенттин кызматтан кетүүсүн талап кылабыз деп. Анда ушундай чакырыктар да экстремисттик болуп калабы?

-Кызматтан кетсин деген чакырык бул экстремисттик чакыруу болуп эсептелбейт. Айырмалап алышыбыз керек, экстремисттик чакыруулар, экстремисттик кыймыл аракеттер бул мамлекетти күч менен алуу, Кыргыз Республикасынын коопсуздугун бузуу, жарандары кемсинтип, маскаралап, улут аралык келишпестиктерге алып келүү, террористтик уюмдарды түзүү, же болбосо ошого үгүттөө, же мамлекетти жоюу жөнүндө ураандарды чакыруу.

-Бирок, ошентсе да сиздин көз карашыңызда эртең Жогорку Кеңеш кабыл алчудайбы, сын көз караштар да болуп жатат го?

-Менин оюмча, бул мыйзамды биздин депутаттар кабыл алып берет. Анткени биз бул мыйзамды былтыр 2005-жылы 30-ноябрда эле Жогорку Кеңешке киргизгенбиз. Бир жылга жакындап калды. Депутаттардын көбү айтып атат, биз кечигип атыптырбыз, кабыл алып берели деп.

-Ал эми митинг, демонстрация өткөрүү үчүн уруксат алуу тартиби азыр киргизилип жаткан жокпу? Бул норма мурда жоюлган да?

-Бул мыйзамда уруксат алуу тартиби жөнүндө сөз болгон жок. Азыркы митингдер жөнүндөгү мыйзамда үч тыюу бар. Бул ошондой төртүнчү тыюу болуп киргизилип жатат.

- Журналисттерге тиешелүү маселелерге келели. Мисалы, сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык экстремисттик маанайдагы материал таратты деп айыпталган кабарчы абака түшүп калышы мүмкүн экен. Экстремисттик маанайдагы баракчалар болушу мүмкүн, ал эми сиздин көз карашыңызда гезит, журналарда ушундай мүнөздөгү материалдар барбы?

-Бир дагы массалык маалымат каражаты экстремисттик иш-аракеттерге барыш керек эмес. Ошол жөнүндө тыюу болуп атат.

-Азыркы шарттарда Кыргызстандын гезит, журналдарында андай мүнөздөгү материалдар жок да?

-Андай материалдардын чыкканын биз байкаган жокпуз. Экстремисттер массалык маалымат каражаттарын колдоно албагандыктан алар ар кандай баракчаларды таркатып жатышат.

XS
SM
MD
LG