Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:12

2-НОЯБРЬ, МИТИНГ: ПАРЛАМЕНТТИН ПОЗИЦИЯСЫ ЖУМА КҮНҮ АНЫКТАЛАТ


Жогорку Кеңеш ушул дүйшөмбүдө 2-ноябрдагы митингди жума күнү талкуулоо тууралуу чечим кабыл алган. Бирок шейшемби күнү айрым депутаттар “аптанын аягында округдарга барабыз”, дешип митинг маселесин шаршембиде эле карай берели дешкен. Бирок “Реформа үчүн” кыймылына мүчө депутаттар чечим туура эмес кабыл алынгандыгын айтып чыгышты. Регламенттик комиссия иликтеп көргөндө чындыгында эле беш депутат үчүн башка депутаттар добуш берип койгону маалым болду.

2-ноябрдагы мөөнөтсүз митингди Жогорку Кеңеште шаршембиде эле талкууга алуу керек деген демилге менен чыккан депутаттардын бири Акматбек Келдибеков парламент төрагасы «кворум жок» дегенине карабай, бул маселени токтоосуз кароо керектигин айтты.

- Урматтуу төрага, кечээ биз бүгүн каралсын деп добуш берсек. Анан башкалардын пикирине кошулуп, башка күнгө жылдыра бересизби?

Төрага Марат Султанов жыйынга 26 гана депутат келгенин, кворум жоктугун айтып, бул маселе кийин каралганы оң деп билдирди. Төраганын орун басары Тайырбек Сарпашовдун айтымында, митинг маселеси шаршембиде каралышы керек деген добуш берүү туура эмес кабыл алынган:

- Регламент боюнча комиссия карап көрсө 38 депутат эмес, 33 депутат добуш бериптир. Ошонусу далилденип, митингди талкуулоо тууралуу мурдагы кабыл алынган чечимге ылайык маселе жума күнү карала турган болду.

“Реформа үчүн” кыймылына мүчө депутаттардын пикиринде, бийликке ыктаган айрым депутаттар шаршембиде көпчүлүк депутаттардын жоктугунан пайдаланып, талкууну шаршембиде кароону болжошкон. Анын үстүнө эгер талкуу бул күнү жүрсө ал КТРдан көрсөтүлмөк эмес.

Дал ушул себептен улам депутат Өмүрбек Текебаев бул маселе парламентте жума күнү гана каралышы керек жана ал жыйын толугу менен мамлекеттик биринчи каналдан көрсөтүлүшү зарыл деп эсептейт.

- Телевидениеден эки миллион адам ар бир депутаттын позициясына, сүйлөгөн сөзүнө баа берет. Кимдин ким экенин, кандай экендигин эл өзү баа берет, деп эсептейм.

Текебаев ошондой эле депутаттарды бири-бирине акаарат айтпай, бул маселени ынтымакташып талкуулоого чакырды.

Депутат Мелис Эшимканов болсо 2-ноябрда болуучу митингке байланыштуу милиция кызматкерлерин митингди уюштуруучулардын артынан аңдып, видеотасмага түшүрүү тууралуу Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Осмоналы Гуронов 11-октябрда буйрукка кол койгонун айтып чыкты. Ал ошондой эле министр “Бетме-бет” гезити аркылуу генерал, офицерлерге, сержант, курсанттарга “оппозицияны жаманатты кылып, айрым бир күчтөр коомдук-саясий кырдаалды курчутуп, элге, мамлекетке каршы аракеттерди көрүүдө”, деп билдирүү жолдогонун белгиледи.

- Мунун баардыгы Бакиев жана анын режими оппозиция менен эч кандай диалогго, эч кандай компромисске даяр эместигин, “өздөрүнүн көлөкөсүнөн өздөрү коркуп”, эмитен тап думшмандарын издеп атканын көрсөтөт.

Эшимкановдун баамында, алдыда болуучу митингди бийлик коомчулукка жаманатты кылуу аракетин көрүүдө.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Нурдин Жангараев болсо Эшимкановдун пикири менен макул эмес. Анын айтымында, министрдин милдетин аткаруучунун буйругу - өлкөдө боло турган орчундуу окуяларга байланыштуу алдын-ала көрүлүп жүргөн иш чаралардын бири.

Ал эми президенттин маалымат кызматы өлкө башчысы Курманбек Бакиев жакын арада жарандык коомдордун, бейөкмөт уюмдардын, саясий партиялардын өкүлдөрү менен “тегерек үстөл” жыйынын өткүрүүгө даярданып жатканын билдирди.

Аманбек Дилденбай

XS
SM
MD
LG