Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму уюштуруп жаткан бул жыйында Борбор Азия өлкөлөрүндөгү маалымат каражаттарынын ишин жакшыртууга, ар кыл көз караштарды чагылдырууга байланышкан маселелер талкууланат. Ага Борбор Азия мамлекеттериндеги маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнөн сырткары кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү жана депутаттар катышмакчы.