Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:00

12:00 Айт күнү милиция кармаган жарандар "Хизбут-Тахрир” партиясынын ураанын чакырышкан


Тыюу салынган “Хизб- ут- тахрир” партиясынын мүчөлөрү 24-октябрда борбордук аянтта тамак таратып, Кыргызстан мусулмандар жамаатынын башчыларын жамандап, үгүт иштерин жүргүзгөн. Милиция кызматкерлери эскертүүгө каршылык көрсөткөн төрт-беш адамды Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткиришкен. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын экстремизмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Бакыт Жумаев бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, алардын экөөнө административдик чара көрүлүп, документи барлары бошотулган. Документтери жок үч жигит убактылуу кармалып, алардын даректери такталууда. Мындан мурда Айсылуу Абытекова “Азаттыкка” айт күнү тартип коргоо кызматкерлери күч колдонуп, аны жана башка эки-үч аялды мыйзамсыз кармап кетишкенин билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG