Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:25

НАРЫНДА «РЕФОРМА ҮЧҮН» КЫЙМЫЛЫН КОЛДОГОН МИТИНГ ӨТТҮ


Нарын шаарында "Реформа үчүн" кыймылын колдогон жана электр энергиясын арзандатуу жана башка бир нече талаптар айтылган митинг болуп өттү. Митингди "Биримдик" башкармалыгы уюштурду. Митинг убагында 2-ноябрда да аянтка чыгуу боюнча жана ага каршы пикирлер айтылды.

Болуп өткөн митингге жалпысынан 50нүн айланасындагы адам катышты. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн чогулган адамдарды борбордук аянттан аркы туштагы Теңиртоо аянтына өтөлү деген сунуштары кайым айтышууну жаратып жиберди.Эмне үчүн элди кубалайт? Кубалаганга акысы жок, дегендер болду.

Натыйжада бийлик элдин талабын аткарсын, элдик кыймыл конституциялык реформаны колдойт деген чакырыктар менен митинг борбордук аянтта башталды. "Биримдик" башкармалыгынын төрагасы Тойчубек Айдаралиев:

- Мурда Акаевдин заманындагы бийликте жүргөндөр ошол калыбында иштеп жатышат, кадрлар жаңырбай жатат. Эл отун, көмүр менен камсыз кылынбайит, көмүрдүн баасы кымбат. Электрэнергиянын баасы бишкектегилер менен бирдей, тоолуу район деп льгот берилген жок.

Ардагер Алылбашев:

- Эмне үчүн электрэнергияны Нарынга 60 тыйындан кылат да, чет мамлекетке 13 тыйындан сатат.

Коммунисттик партиясынын мүчөсү Муса Алыбаев:

- Көп сүйлөгөн көп жаңылат дейт. Мамлекет башында турган жетекчи Курманбек Салиевич көп убада берген революциядан кийин. Алардын айрымдарына көзү жетпей туруп, убада берип коюп бүгүн ошонун азабын тартып атат.

Нарын районунун Эчкибашы айылынан келген Төлөгөн Касымалиев:

- Бакиевге, Куловго жана Жогорку Кеңештин спикерине талап коебуз. Ушул төрт айда светибизди 22 тыйындан кылып берсин, көмүр бул жерге 2 миңден келет, ушул жерде көмүр миң сомдон сатылсын, коюлган талаптары аткарылбаса 2-ноябрда аянтка чыгалы.


Бирок ардагер Шаршен Дүйшеев элди аянтка чыкпаганга үндөдү:

- Саясий маанисин түшүнгүлө. 2-ноябрда пикетке чыгалы дейт. Анда президент менен премьер-министрди кызматтан алгыла дейт. Аны алалы, ордуна Текебаевди коелубу? 2-ноябрда аларды колдоп атасыңар. Ошону туура түшүнгүлө. 2-ноябрда аянтка келип кереги жок, чыкпагыла.

Митингге чыккандардын пикирлерин облус губернатордун орунбасары Аскат Апсаматов, шаар аким орунбасары Кубан Нурмамбетов угушту. Аскат Апсаматовго кайрылгандыгыбызда, митингде эл көйгөйүн айтып, тынч маанайда өтүп атат. Чогулган элдин көйгөйүн угуш, жеткириш биздин милдетибиз, деди.

Жыйындын катышуучулары "Реформа үчүн" кыймылынын мыйзамдуу талаптарын колдойбуз, дешип жалпысы 19 талапты жогорку бийликке багытташты.

Күмөндөр Усупов, Нарын

XS
SM
MD
LG