Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

ӨЛГӨН АДАМДАРДЫН СӨӨКТӨРҮ МЕНЕН СҮРӨТКӨ ТҮШКӨН НЕМИС АСКЕРЛЕРИ АРМИЯДАН БОШОТУЛДУ


Ооганстанда кызмат өтөп келген 2 немис жоокери армиядан бошотулду. Бир нече күн илгери “Билд” гезити 2003-2005-жылдары Ооганстанда тартылган сүрөттөрдү басып чыгарган. Анда немис аскерлерин адамдардын сөөктөрү менен ойноп отурушканын көрсө болот.

Жаңжалдан улам, Германиянын коргоо министри Франц Йозеф Юнг Азиядагы сапарынан баш тартты. Окуяны иликтөө үчүн Берлин Ооганстанга атайын өкүлүн жибергени жатат.

Германиянын бийликтери Ооганстандагы немис аскерлеринин жоруктарын катуу айыптап, коргоо министри Франц-Йозеф Юнг андай иштерге барган жоокерлерден армияны тазалаш керек деп билдирди:

"Мен дагы бир жолу белгилейм: мындай кылык биздин принциптерге каршы келет, андай адамдарга Бундесверде орун жок. Биз эки кишиге каршы чара көрдүк. Алар немис армиясынын катарынан бошотулду".

Бир нече күн мурун “Билд” гезити 2003-2005-жылдары Ооганстанда тартылган сүрөттөрдү басып, аларды “Өлгөндөрдү кордоо” деген жазуу менен коштогон. Анда НАТОнун курамындагы немис аскрелерин адамдардын сөөктөрүн кармап сүрөткө түшкөндөрүн көрсө болот.

Бул сүрөттөр чоң резонанс жаратып, мындай окуялар үчүн жоокерелер өздөрү күнөөлүбү же алардын кол башчыларыбы, а балким армиянын эң жогорку генералдары жооптуу болуп жүрбөсүн деген талаштарга түрткү берди.

Жашылдар партиясынын лидери Ренате Кунаст маселе Ооганстандагы офицерлерде деген ойдо:

"Бундесвердин аскерлеринин көпчүлүгү өтө оор кызмат өтөп жатышат. Армия аскерлер өздөрүн кантип алып жүрүшү керектигин жакшылап түшүндүрүп, стресс жагдайдаларда аларга жардам берүү жолдорун ойлонуштурушу керек. Офицерлер мындай жоруктарды болтурбоого тийиш".

Оппозициядагы солчул партиянын жетекчиси Грегор Гизи жоокерлерди тандоо жана машыктыруу иштерине жакшы көңүл бурулбайт деп эсептейт:

"Менимче, бул окуянын психологиялык өңүттөн түшүндүрсө болот. Биринчиден, аны айыптап, алдын алыш керек. Андан кийин бул эмне үчүн болду? келечекте эмне кылуу зарыл? деген суроолорго жооп издеш керек. Менимче, атайын тарбиялоочу курстардын пайдасы чоң болмокчу. Балким, биз аскерлерди кайсы жерге, качан жиберип жатканыбызга көбүрөөк көңүл бурушубуз керек".

Коргонуу маселелер боюнча эксперт Рэйнер Арнолд аталган сүрөттөр немис армиясынын аброюна чоң залакка тийгизди деп белгилейт:

"Жоокерлердин көпчүлүгү өз жоопкерчилигин сезээрин эл жакшы билет деп үмүттөнөм", деп кошумчалады.

Жаңжалдан улам коргоо министри Азиядагы сапарынан баш тартты. Окуяны иликтөө үчүн Ооганстанга расмий өкүл жиберилмекчи. Германиянын канцлери Ангела Меркель мындай сүрөттөрдөн улам, Ооганстандагы немис аскерлеринин коопсуздугуна коркунуч туулушу мүмкүн деген тынчсыздануусун билдирди.

XS
SM
MD
LG