Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:09

АДАХАН МАДУМАРОВ: АРЫЗ ЖАЗГАН ЖОКМУН, АНДАЙ ОЮМ ДА ЖОК


Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаровдун 30-октябрда Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзү

- Биринчи суроо берилди, Мадумаров мамлекеттик катчылык кызматтан отставкага бериптир деп. Мен айтар элем, толгон-токой аркамдан ээрчип жүргөн ушактардын бири. Андан эч кандай айырмасы жок. Мен арыз жазган жокмун, арыз жазайын деген оюм да жок. Жүйөлүү себептер болгон болсо бир гана жигиттин маселесин маңдайы чечет, андан кийинки маселени президент өзү чечет. Арызды берипсиз, арызды бергенден кийин кайда кетип калдың деп тырмакчанын ичинде чоң досторум жазып атат. Бул суроого мен тийиштүү деңгээлде жооп бердим деп эсептейм.
Экинчиси, жанагы келишим боюнча. Ошол келишим аткарылгандыгынан Кыргызстан эмне зыян тартып кетти? Кайсы жерде зыян болуп баратат? Ошол тапшырманын аткарылуусунун натыйжасында кимдин эмнеси түшүп баратат? Экинчиден, Конституциялык реформанын эмне үчүн кечеңделип жаткандыгынын жүйөлүү себептерин урматтуу депутаттар да, Конституиялык соттун төрагасы дагы, урматтуу президент дагы айтты. Мына карап көрүңүздөр, биринчи жүз кишиден түзүлгөндө, жок 100 киши жарабайт, 100 киши отуруп эле тагдырды чечип коебу деп талап койгондор кимдер болду эле? Андан 150гө чыкты, бул дагы жетишпейт деп, 200гө чыкты, ал дагы жетишпейт дедиңиздер, 300гө чыкты, ал дагы жетишпейт деп, 349 га чыкты. Ошонун ичинде 14 вариант түштү. Мен азыр Марат Абдразаковичтин пикирине толугу менен кошулам, кимиңиздер айта аласыздар дал ушул долбоор биздин көңүлүбүзгө жакты, бизге татыктуу деп.

Ошол келип түшкөн 14 варианттан ашыгырак варианттардын бүт барын иштеп, үч долбоорун тең сунуштап көргүлө деп Азимбек Анаркулович башында турган жумушчу топту президенттин буйругу менен бекитүү сунушу өзүңүздөргө келип түштү. Мен бул жагын түшүнбөй турам, эмне үчүн карабай атабыз дегендерин. Кечээ тегерек стол болгондо саясий партиялардын, өкмөтүк эмес уюмдардын жетекчилери катышкан жерде ачыктан-ачык билдиришти. Урматтуу президент, деп кайрылды, бир дагы вариантка Жогорку Кеңеш дагы, саясий күчтөр дагы токтобойт. Сизге 90 пайыз элдин добушу берилген, сиз элден кайра сурабастан, өзүңүз чечиңиз дагы, чечкиндүү түрдө өзүңүздүн долбооруңузду киргизиңиз. Сиздин кабыл алган чечимиңизди биз толук кубаттайбыз, деди. Жыйырмасына чейин ошол долбоор келип түшөт.

XS
SM
MD
LG