“Кайрылман” программасы 2006-2008-жылдарга эсептелген. Анда тарыхый мекенине кайткан этникалык кыргыздар үчүн каттоодон өтүү жана Кыргызстандын атуулдугун алууну жеңилдетүү, атуулдук алууга чейин “кайрылман” макамын берүү, аларга социалдык-экономикалык жактан жардам көрсөтүү, турак-жай куруу үчүн жер бөлүп берүү каралган.
“Кайрылман” макамы эмгекке, билим алууга, жашаган жерин эркин алмаштырууга болгон укуктарын камсыз кылмакчы.
Соңку маалыматтар боюнча 1990-жылдардын башынан тарта Кыргызстанга чет өлкөлөрдө жашаган кыргыздардын ичинен 23 миңден ашуун адам келсе, алардын ичинен бүгүнкү күндө 2 миңдейи гана Кыргызстандын атуулдугун алган.
Кыргызстанга келген этникалык кыргыздардын көпчүлүгү чындыгында эле алар үчүн атуулук, Кыргызстандын паспортун алуу, балдарына документтерди алуу эң чоң кыйынчылыктарга туруп жаткандыгын белгилешет. Бул тууралуу мындан 11 жыл мурда өзүнүн тарыхый мекенине Тажикстандын Исфара районунан келген Манас Жакшыбай уулу мындай дейт:
“Мен, менин туугандарым Тажикстанда жашоо татаалдашып калгандыгынан бул жакка келгенбиз. Келгенден кийин, мен төрт “Турбаза” базарында араба сүйрөп иштедим. Ыйлап-сыктап иштеп жүрүп, төрт жылдан кийин үй сатып алдым. Бирок, аны өзүмө оформить эте албай, бир туугандарыбызга оформить эттик. Анткени, паспорт, документ, атуулдук жок. Азыр паспорт жок ата-энеми көруп келейин десем да, бара албайм, чек арадан өткөрүшпөйт. Өкмөт бизге ушул паспорт, атуулдук алуу жактан жардам көрсөтүп койсо, аябай жакшы болот эле...”, -дейт Манас Жакшыбай уулу.
Ушундай эле кыйынчылыктарга, башкача айтканда, социалдык-экономикалык жактан эмес, документтерге байланыштуу кыйынчылыктарга Өзбекстан, Кытайдан келген кыргыздар да дуушар болушууда. Бул жөнүндө 1992-жылы Кыргызстанга Шинжаңдын Иле аймагынан келип, андан бери эки балалуу болгон Сабира Калыбек кызы айтты:
“Биз эми азыр Кыргызстан башынан кечирип жактан кыйынчылыктарды көрүп туруп, экономикалык жактан, турак жай менен камсыз кылуу боюнча жардам деле сурабайбыз. Өзүбүз аракеттенип, эптеп турмушубузду өткөрүп жатабыз. Бирок, документ жактан аябай көп кыйынчылыктар, ишибизге тоскоолдуктар болот. Биз мына эки балалуу болдук, балдарыбыздын туулган жөнүндө күбөлүгу да жок. Анткени, бизди чет өлкөлүк атуул катары эсептешет. Ошондуктан, ушул Кыргызстандын документтерин алуу боюнча биз үчүн жеңилдиктер каралса жакшы болоор эле”, - дейт Сабира Калыбек кызы.
Этникалык кыргыздарга укуктук жактан жардам көрсөткөн бейөкмөт уюмдарынын бири “Боорукер-Урмат” уюмунун юристи Идоят Токташ белгилегендей, этникалык кыргыздардын өз мекенине мыйзамсыз жолдор менен келгендиги да алардын айрым маселелеринин чечилишин татаалдашытырууда:
“Кыргызстанга келген кыргыздардын көпчүлүгү, өзгөчө Өзбекстандан мыйзамсыз жолдор менен келишет. Чекараны да мыйзам бузуулар менен өтүшөт. Документтери толук болбойт. Бир четинен ошондуктан алар үчүн бул жерде документтерди алуу кыйынчылыкка туруп калат, тартип коргоо органдары менен түшүнбөстүктөр пайда болот”, -дейт Идоят Токташ.
Өкмөттөн алынган маалымат боюнча жана миграция маселелери менен алектенген айрым бейөкмөт уюмдарынын болжолунда жакынкы жылдары чет жерлерден, өзгөчө Өзбекстандан, Тажикстандан тарыхый мекенине кайткан кыргыздардын саны көбөйөт.
Азиза Турдуева, Бишкек