"Атамекен", "Асаба" партияларынын мүчөлөрү жана "Реформа үчүн" кыймылынын талаптарын колдогон жүздөгөн адамдар Оштон Бишкекти көздөй жөнөп жатышат. Бүгүн эртең менен аталган эки партиянын Ош облусундагы өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөрүп, Улуттук коопсуздук кызматы 2-ноябрдагы митингди уюштуруучуларга жан тарткандарды куугунтукка ала башташканын билдиришти.