Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:50

18:00 Нарында губернатор митингде коюлган талаптарды чечүү аракетин көрүүдө


27-октябрда “Биримдик” уюмунун башкармалыгы Нарын шаарында митинг өткөрүшүп, губернаторго 21 талап менен чыгышкан. Алар “Реформа үчүн” кыймылынын айрым талаптарына кошулушарын, бирок Курманбек Бакиевдин кызматтан кетишине каршы экендиктерин айтышкан. 31-октябрда облус губернатору Жыргалбек Азылов митингди уюштургандар менен жолугушту. Жыйынтыгында Кумтөрдүн Нарын дарыясына тийгизип жаткан залакасын изилдөө боюнча атайын комиссия түзүлдү. Андан сырткары Жетимтоодогу Акташтагы кен байлыктар боюнча губернатор маалымат берди. Кийинки жолугушууда ар бир талап боюнча тиешелүү мекемелерге маалымат даярдоо милдеттендирилди.

XS
SM
MD
LG