Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:26

ПАКИСТАН: ӨКМӨТТҮК АСКЕРЛЕР БЕЙКҮНӨӨ КАН ТӨКТҮ ДЕП АЙЫПТАЛУУДА


Пакистанда миңдеген кишилер Пакистан аскерлеринин дүйшөмбү күнү медреселердин бирине жасаган чабуулуна нааразылык билдирип, митингге чыгышты. 31- октябрда башталган митингге өлкөнүн Ооганстан менен чектеш чөлкөмүндөгү уруулар менен куралдуу талибдер катышты. Алар жок кылынган медреседе талибандар эмес эле, кадимки эле окуучулар болгондугун айтып, нааразы болуп жатышат.

Ал-Кайыданын машыктыруучу лагери деп шектелген медресеге жасалган чабуулга нааразы болгон миңдеген адамдар 31-октябрда Бажаур провинциясында көчөлөргө чыгышты. Нааразылык акциясына негизинен Пакистандын эң чоң исламдык партиясы Жамат е- Ислами партиясынын жаш тарапкерлери чыгышты.10 миңге жакын киши каршылык көрсөтүү акциясын бүгүн да улантып жатат. Митингчилер пушту тилинде ыр ырдап, медресеге кол салгандарга жихат жарыялоого үндөп жатышат.

Талибандардын командирлеринин бири Факим Мухамад Ал-Кайыданын башчысы Осама Бин Ладен менен Ооганстандын Талибан өкмөтүнүн башчысы болгон молдо Мухаммад Омарды көтөрө чала даңазалаган сөз сүйлөдү. Аны миңдеген талибдер ураан чакырып, коштоп турушту.

«Алла шейх Осама Бин Ладен менен Молдо Омарды колдосун. Мындай кол башчылар жер бетинде барбы? Мага чын ыкластан жооп бергилечи! Мусулмандардын баарын бириктирип келип, молдо Омар жана Осама Бин- Ладен менен салыштырууга болбойт»,- деди Талабанды колдогон согушкер башчылардын бири.

Бажаур чөлкөмүндөгү медресеге жасалган чабуулга нааразы болгон айрым жергиликтүү саясатчылар менен өкмөт өкүлдөрү кызматтарынан кетишти. Жергиликтүү эл чабуулда куралдуу талибдер эмес эле, бейкүнөө өспүрүмдөр менен жигиттер курман болгондугун айтышат. Алардын алды 25те арты 15 жашта гана болгон дешет алар.

Бажаур чөлкөмүндөгү митингдерге байланыштуу айрым байкоочулар нааразылык акцияларынын өлкөнүн башка жерлерине жайылуусунан кооп санап жатышат. Айрымдары ал тургай бул окуялар президент Мушарафтын бийлигин солкулдатып, өлкөнүн бүткүл калкын АКШга каршы тукурушу ажеп эмес дешет.

Бирок көз карандысыз серепчи, Хасан Аскари Ривзи демонстрациялар өлкөнүн Ооганстан менен чектеш түндүк-батыш аймактарын гана каптаганын, Пакистандын башка чөлкөмдөрүнүн эли аларды колдобосун айтат: «Бул митингдердин олуттуу таасири жок, аларды өлкөнүн таасирдүү партиялары колдомойунча, нааразылык акциялары өлкөгө жайылбайт. Демонстрацияларды исламдык партиялар гана өткөрүп жатышат, азырынча аларды башка партиялар колдоп жатканы байкалбайт».

Ошону менен катар эле Ривзи бул окуялар уруу башчылары менен өкмөт аскерлеринин ортосунда жүрүп жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратаарын кошумчалап, армия менен жергиликтүү калктын мамилелери начарлай турганын айтат.

Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары

XS
SM
MD
LG