Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:55

БОРБОРДУК АЯНТТА НААРАЗЫЛЫК МИТИНГИСИ БАШТАЛДЫ


14:40 Митингди «Социал-демократтар» саясий партиясынын лидери Алмаз Атамбаев ачты.Нааразылык акциясына «Ата Мекен», «Асаба», «Социал-демократтар», «Жашылдар» саясий партияларынын өкүлдөрү, «Реформа үчүн!» кыймылынын талаптарын колдогон башка жарандык коомдордун өкүлдөрүнөн турган жыйырма миңден ашык киши катышып жатканы кабарланууда. Алар Президент Бакиев менен премьер-министр Феликс Куловдун кызматтан кетишин талап кылган түрдүү мазмундагы плакаттарды кармап турушат. Митингге оппозициянын лидерлери толук курамында катышууда. Митингичилер президент Курманбек Бакиев менен премьер-министр Ф. Куловдун келишин талап кылууга өтүштү. Акцияга тартип коргоо кызматтары байкоо жүргүзүп турат.

XS
SM
MD
LG