Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:41

НААРАЗЫЛЫК МИТИНГИ: БОРБОРДУК АЯНТТАГЫ БИРИНЧИ ТҮН


Чолпон Орозобекова , Бишкек Борбордук аянтка митингчилер 100гө чукул чатыр тигип, биринчи түндү түнөп чыгышты. Кечинде саат 8ден баштап музыка жаңырып, жер-жерлерден келген катышуучуларга тамак-аш берилди.

Кечээ кечкурун борбордук аянтка 70тей кичине, 30га чукул чоң чатыр тигилди. Кечинде ата-журт жана тынчтык тууралуу ырлар жаңырып, аянттын четине токтотулган эки машинадан катышуучуларга тамак-аш таратылып атты. Караңгы кирген маалда саат 9дарда аянтта 500дөй эле адам калыптыр. Аянттын чоң секисинде Алмаз Атамбаев, Темир Сариев, Өмүрбек Текебаев жана Эдил Байсалов турушту. Ошол маалда Мелис Эшимканов, Азимбек Бекназаров жана башка саясатчылар НТС жана КТР каналдарында түз ободо сүйлөп атышкан болчу.

Ошол учурда аянтта тартип коргоо органдары да нары- бери басып жүрүштү. Кечээ баш аягы митинг учурунда коопсуздукту сактоого 3 жарым миң милиция кызматкерлери тартылды. Ички иштер министринин орун басары Темиркан Субанов митингчилер түнөсө биз да түнөйбүз деп билдирди «Азаттыкка»:

- Эң башкысы тартипти сактайлы деп жүрөбүз. Булар түнөсө биз да түнөйбүз. Күндүз иштеген кызматкерлердин бири да кеткен жокпуз. Тынчтык болсун, тартип болсун деп баарыбыз жүрөбүз, -дейт Темиркан Субанов.

Социал-демократтардын лидери Алмаз Атамбаевдин айтымында, талаптар аткарылмайын мөөнөтсүз митинг улана бермекчи. Жер-жерлерден келген митингчилер бул саясий лидерлер менен чогуу күнү-түнү бирге болобуз деп билдирип жатышат.

«Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын лидери Эдил Байсалов бул тирешүүнүн арты кандай бүтүшү ыктымал деген суроого мындай деп жооп берди.

- Ушул кишинин жеке дымагынан улам кырдаал ушундай курчуду. Аны Курманбек Бакиев ого бетер конфронтацияга алып келүүдө. Бул тирешүүнүн арты мурдагы президенттикинен да катуу аяктайт. Жакшылык менен бүтпөй калды. Себеби, элдин баары түшүндү. Мындай калпычы адамдын эл башында турганга моралдык укугу жок,- дейт Эдил Байсалов.

Ошентип түн ичинде да митинг кайсы бир деңгээлде уланып атты десек болот. Себеби жер-жерлерден келген катышуучулар микрофонго өз пикирлерин айтып, азыркы бийликтин ишинин күңгөй-тескейин айтып жатышты.

Оппозиция лидерлери болсо саясий талаптар аткарылмайын борбордук аянттагы чатырлар чечилбейт деп кесе айтышууда. Бүгүн митинг саат 10до кайрадан улантылат.

XS
SM
MD
LG