Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:17

КУРМАНБЕК БАКИЕВ : УЮШТУРУУ ЖЫЙЫНЫ -МЫЙЗАМСЫЗ ЧЕЧИМ


Президент К. Бакиев менен премьер-министр Ф. Кулов бүгүн маалымат жыйынын чакырып, ЖК депутаттары түзгөн Уюштуруу жыйынын мыйзамсыз чечим деп билдиришти. «Конституцияны тоотпой, мыйзамда жок Уюштуруу жыйынын түзүшүптүр. Муну мен бийликти тартып алууга багытталган мыйзамсыз аракеттер катары баалайм»,-деди Курманбек Бакиев. Премьер-министр Ф. Кулов Конституцияны мыйзамда жок Уюштуруу жыйыны аркылуу кабыл алуу аракетин «партизанщина» деп айтып, «коркунучтуу прецедент» деп баса белгиледи.

Жогорку Кеңеш өткөн түнү чукул жыйын чакырып, бирок кворум болбогондуктан, Конституцияны кабыл алуу үчүн Уюштуруу жыйынын түзгөн болчу. Уюштуруу жыйыны 2005-жылдын 17-июлундагы жана быйылкы жылдын 31-октябрында президент менен макулдашылган долбоорду негиз катары алып жаңы Конституцияны кабыл алып баштаган. Таңга чейин башмыйзамдын жаңы долбооруна 36 депутат кол коюшкан. Депутаттар жаңы Конституцияны 38 депутаттын макулдугу менен кабыл алганы жатышкан. «Кыргызстандын парламенти, Уюштуруу жыйынын түзүп, өлкөнүн тагдыры үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алды»,-деп билдирди «Реформа үчүн» кыймылынын лидери Өмүрбек Текебаев. Анын айтымында, мамлекет азыркы учурда кыйын кырдаалда турат, бийликтин эски системасы иштебей шал болуп калды, ал эми жаңысы түзүлө элек.

Бирок, бүгүн парламентте эртең мененки жыйында Уюштуруу жыйынына катышпаган депутаттар Конституциянын жаңы долбоорун таануудан баш тартышты. Түн ичинде парламентте болгон жыйынга катышпаган депутаттар Уюштуруу жыйынын мыйзамсыз дешип, анын чечимдерин тааныбай тургандыктарын билдиришти. Алар укуктук талаага кайтып келүүнү талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG