Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:45

КАРЫЗДЫ БААРЫЛАП ТӨЛӨЙЛҮ: КИМ КАНЧА ЧЫГАРАТ?


Кыргызстандын экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров өлкөнүн тыш карыздарын баарылап, чогуу төлөп коюу демилгесин көтөрүп, «Өз Атажуртунун патриоттору» фонду түзүүнү сунуштады. Министрдин өзү жаңы демилге колдоо таап кетсе 3 айлык маянасын которо тургандыгын, жаңы демилгени биртоп саясатчылар колдоорун билдирди.

Кыргызстандын тыш карызы 2 миллиард ашуун доллар акчаны түзөрү элдин баарына дайын. Анчалык карызды убагында кайтарууга өлкөнүн чама-чаркы жетишпестиги деле көпчүлүккө жаңылык эмес. Быйыл кайтарчу 50 миллион доллар эмдиги жылы 80 миллионго чыгары, андан кийинки жылдары ал 100 миллиондон түшпөй турары кичине-чоң жыйындардын баарында айтылып келет.

Тышкы карыздын жүгүн жеңилдетчү айтылуу HIPC демилгесине кошулуу-кошулбоо өкмөт менен оппозициянын ортосундагы чоң талашка түшүп калган. Чет эл инвесторлору алдында өкмөт башчы Ф.Кулов эгер демилгенин шарттары ылайык келсе өкмөт ага баарына кайыл болуп кире тургандыгын билдирген.

Улуттук банктын төрагасы Марат Алапаев карыз жүгүн жеңилдетчү HIPC программасынын корко турган эч нерсеси жок дейт:

- Жакшы реформаларды өткөрүп, коррупцияны жоюп, элдин турмушун жакшыртып, чын эле ушул жол менен кетсек, анда бизге көмөк катары дагы кошумча жардам беришет. HIPC жагы көбүнчө саясий өң-түс алып кетпедиби, бул экономикалык эле маселе.

Кыргызстан HIPC демилгесине кирген-кирбеген күндө деле тышкы карыздын кыйласын өзү төлөшкө мажбур. Ошол себептүү өкмөт тышкы карыздарды жоюунун амалында башка программалар менен иштешүүгө даяр экендигин А.Жапаров мурда эле эскерткен.

- Биздин өкмөт бул программа, башка программалар менен тышкы карызды жоюу боюнча иштетшүүгө даяр. Биз бул боюнча өзүбүздүн принципиалдуу макулдугубузду бергенбиз.

Иши кылып, тышкы карызды кантип кайтаруунун аркыл амал-айлалары изделип, буга чейин айрым өлкөлөрдө патриоттук демилге катары колдоого алынган аракетти эми кыргыз өкмөтү да баштаганы туру. Экономика илим кандидаты Кылычбек Супатаевдин айтуусунда, киши башына 400 доллардан туш келчү карызды чөнтөгү калыңдардын төлөп ийиши күмөн.

- Ошентип патриот болуп, жанагындай чөнтөгү калыңдар төлөп берсе жакшы эле болот эле. Бирок мен мындай патриоттор чыкпайт го деп ойлойм.

«Ысыккөл инвестбанктын» президенти Болот Байкожоев Кыргызстан тыштан алган карыздарды натыйжалуу пайдалана алган жок деген пикирде. Коррупциянын тизгинин тартып, мамлекетти уурдоо токтотулса эле карыз акчаларды төлөөгө өлкөнүн кудурети жетер эле.

- А булар HIPC программасына кирип, коррупциялык агым менен күргүштөп келатканды өзүнүн чөнтөктөрүнө шыкап алууну эле ойлоп жатышат,- дейт Болот Байкожоев.

Жаңы демилгенин ээси Акылбек Жапаров ушу тапта биртоп саясатчылар, ишкерлер Кыргызстанды тышкы карыздан кутултуш үчүн колдон келген аракетин жасоого дилгир экендиктерин айтты. Баса, 1998-жылкы каржылык кризис тушунда Түштүк Кореянын калкы колдо болгон мыдырын сарптап, өкмөттү экономикалык кургуйга кулап кетүүдөн сактап калган. Тыш карыз кайгайын көп ойлогон Кыргызстан калкы да баарылап 2 миллиард доллар акчаны аз-аздан кайтаруунун аракетине өтөбү же демилге сөз жүзүндө калабы – муну убакыт көрсөтөт.


Бекташ Шамшиев

XS
SM
MD
LG