Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:42

НОЯБРДАГЫ НААРАЗЫЛЫК АКЦИЯЛАРЫ: БАЙКООЧУЛАР БААСЫ


“Кылым шамы” бейөкмөт уюму ноябрдын башында болгон митинг акцияларына байкоо жүргүзүп анын отчетун бүгүн коомчулукка жарыя кылат. Анда оппозициянын жана бийликтин иш аракеттерине, ошондой эле адам укуктарынын сакталышына байкоо жүргүзүлгөн. Бул максатта эки тарапка калыс бейтарап адамдарга сурамжылоо жүргүзүлгөн.

Аталган уюмдун жетекчиси Азиза Абдырасулованын айтымында, митингке байкоо жүргүзүүнүн негизги максаты пикет, митингди, эркин жыйындарды өткөрүүдө адам укугунун сакталышы, мамлекет тарабынан аларга кандай шарт түзүлгөндүгүн байкоо болуп эсептелген. Ошондой эле жарандардын укуктан башка милдетин кандай аткаргандыгына, эки тараптын мыйзамдуулукту канчалык деңгээлде сактагандыгына мониторинг жүргүзүлгөн. Бул иш чараны аткарууга «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун кызматкерлери, ыктыярчылар тартылган.

"Эң биринчи биз бийликтин туура эмес жактарына көңүл бурдук. Биз ошону белгиледик. Бийлик жактан убагында оппозиция менен тил табышып, убагында компромисс шарт таба албаганын, ошол оппозициянын туура талаптарын убагында чечпегенин белгилеп атабыз. Ал талаптар: Конституциялык реформа, МТРКны коомдук телевидениеге айландыруу, кадр маселелери,-деди Азиза Абдырасулова.

Байкоочулар баамында, бийлик митингчилерге каршы митинг уюштуруп ага мекеме-ишканалардын кызматкерлерин тартып, эки тарапты кагылышууга алып бара жаздаган, МТРКдан бир тараптуу маалымат кетип, өлкө аймагындагы бардык жарандардын маалымат алуу укугун чектеген.

Ал эми президент Бакиев 7-ноябрда өкмөт үйүндө өткөргөн маалымат жыйынында премьер-министр Феликс Кулов бийликти колдогон шаардыктар койгула десе болушпай оппозициянын талаптарына каршы митингке чыгаарын билдирип, эки тараптын кооппсуздугу камсыз кылынарын айткан.

"Биздин максат мындай кырдаалда туруктуулукту, тартипти камсыз кылып, эч кандай куйтулукка, кырдаалдын чыңалуусуна жол бербешибиз керек,-деген Кулов.

Азиза Абдырасулова митингди уюштурган оппозициянын кемчиликтери тууралуу буларга токтолду.

"Оппозициянын койгон талабы менен ошол жерде айтылып жаткан ураандардын бири-бирине карама-каршы келгендиги. Башкача айтканда оппозиция "биз Конституциялык реформаны талап кылып атабыз" дегени менен 8 күнү катар Бакиевдин, Куловдун, Ногоевдин, Суталиновдун отставкасын талап кылып турду."

Абдырасулова ошондой эле митингичилердин арасында мас болгон жаштардын жүргөнүн белгиледи.

Бул митингге байланыштуу «Кылым шамы» бейөкмөт уюму 80 адамдан сурамжылоо жүргүзүп, үч суроодон турган анкета толтурушкан. Анда оппозициянын койгон талаптарын билесиңерби?- деген суроого, катышкандардын 60 пайыздан ашууну Бакиев-Куловду кызматтан кетирүү талабы, деп жооп беришкен.

Ал эми массалык маалымат каражаттары боюнча НТС, Пирамида телеканалы, «Агым» гезити оппозицияны, МТРК, «Кыргыз туусу» гезити бийликтин кызыкчылыгын көздөгөнүн, чыныгы маалымат булактары катары «Азаттык», «Би-би-си» радиолорун белгилешкен. «Эгерде дагы ушундай митинг, карама-каршылык кайталанып калса эмнеге алып келет?- деген суроого, алардын 62 пайызы түндүк-түштүк бөлүнүшүнө, жарандык согушка алып келет, деген жообун беришкен.

Аманбек Жапаров, Бишкек

XS
SM
MD
LG