Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

МАТРЕШКА ЖАҢЖАЛЫ : СОҢКУ ЧЕКИТТИ ТЕРГӨӨ КОЕТ ОКШОП КАЛДЫ


“Матрешка” чатагы боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия бир пикирге келе албай жатат. Бирок да комиссия жыйналган материалды тергөө органдарына өткөрүп берүү чечимине келген. Ошондон айрым саясатчылар азыркы бийлик тушунда бул чатак укуктук баасын алалбайт деген пикирде.

Мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, Кыргызстандын адилет министри Марат Кайыпов бу чатакты толук тергеп-тескеп чыгууну Кыргызстан, Түркия, Польшанын мыйзам сактоо органдары биргелешип ишке ашыруусу керек дейт.

- Муну тергөө гана аныкташы керек, тергөө жолу менен гана. Болгондо Түркия, Варшаванын мыйзам сактоо органдары чогулуп алып аныкташы керек. Антпесе муну аныкташ кыйын.

Буга чейинки парламенттик комиссия “матрешка” чатагына азыркы бийлик түздөн-түз күнөөлүү, ага тиешеси бар күч кызматтарынын жетекчилерин кызматтан алуу сунушун билдирип, президентке кайрылган.

Ушул эле окуя боюнча түзүлгөн мамлекеттик катчы А.Мадумаров жетектеген комиссия жыйынтык-бүтүмүн тергөө органдарына берүү менен чектелүүдө. Парламент депутаты Дооронбек Садырбаевдин ырасташынча, азыркы бийлик тушунда “матрешка” чатагы так иликтенип, күнөөлүүлөр жаза алышы арсар.

- “Матрешканын” катышуучулары, анын кылмыш жасады дегендери, анын күбөлөрү, аны аткаруучулардын бардыгы президенттин тууганы, президенттин жакыны, премьер-министрдин тууганы, жакындары болуп аткандан кийин аны ким карайт?

Ушундай эле ойду парламент депутаты Кабай Карабеков да билдирди.

Польшанын башкалаасында кыргыз парламентинин экс-спикери героин менен кармалганы угулар замат түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы Таирбек Сарпашев парламенттик комиссия чатактуу иштин себеп-жөнүн иликтеп чыгып, сунушун билдирген. Бирок да ушу азырга чейин укуктук баасын азыр алалбай жаткан күнөөлүү ишке кимдер себепкер болсо, алар эртеби-кечпи сөзсүз жоопкерчиликке тартылат деген пикирде.

- Бул бийлик алмашылып, кийинки бийлик келгенде сөзсүз түрдө буга баа берилет.

“Матрешка” чатагы Кыргызстандын коопсуздугу өтөле калтыс абалда экенин айгинелеп, белгилүү коомдук-саясий ишмерге карата жасалган чагымчылыктын чек ара тоскоолдорунан такатсыз өткөнү артынан толгон-токой суроолорду ээрчите чыкты. Непадам, азыркы бийлик өкүлдөрү чогуу-чаран отуруп, өлкө тагдыры, коопсуздук проблемаларын арай көз чарай биргелешип, талкуулап чечип албаса, чиешкен проблема өөрчүгөндөн-өөрчүй бере тургандыгын айрым байкоочулар эмитен эле айта башташты.

“Демократиялык күчтөр биримдиги” саясий партиясынын теңтөрагасы К.Байболовдун ырасташынча, өлкө коопсуздугуна коркунуч келтире турган опуртал жагдайлар биртоп.

- “Уурусу күчтүү болсо – ээси доого жыгылат” деген заман да. Башкаларга бүдөмүк болушу мүмкүн, бирок мен үчүн ал ким тарабынан жасалганы, кандай болуп жасалганы купуя сыр эмес. Кыргызстандын коопсуздугуна кыргыз өзү эле залал тийгизиши мүмкүн.

Жаңы Конституция кабыл алынышына байланышкан саясий күрү-күүнүн шарданы менен “матрешка” чатагынын айланасындагы талаш-тартыштар бираз басаңдап, унутта калгансып баратты эле, эми кайрадан козголо баштады.

Сүрөттө : Варшавада баңгизат менен кармалып, бирок акталып чыккан экс-спикер Өмүрбек Текебаев бул чагымчылык үчүн бийлик тарапты айыптап келатат.


Бекташ Шамшиев, Бишкек

XS
SM
MD
LG