Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:44

КӨРНӨК-ЖАРНАКТАР ӨМҮРГӨ КОРКУНУЧ ТУУДУРУП КАЛДЫБЫ?


Бишкек шаарынын көчөлөрүнө көрнөк-жарнак орнотуу, анын коопсуздугу башынан талашта келаткан маселелердин бири. Буга ушул аптада Жогорку Кеңеште көрнөк-жарнак боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесинин кызуу талашка түшүп, кабыл алынбай калышы далил. Өткөн аптада болсо ушундай жарнактардын бири көчөнүн кесилишинде автоунааны басып калып, анын кесепетинен бир адам мерт болду.

Катуу шамалда «Фольксваген» маркасындагы автоунаанын үстүнө кулап, айдоочуну өлүмгө учураткан Бишкектин Фучик көчөсүндөгү жарнактын ээси “Галион” аттуу жарнамалык агенттик болуп чыкты. Учурда бул ишти Ленин райондук ички иштер бөлүмү тергеп жатат. Бишкек шаарынын башкы сүрөтчүсү Тахир Хамданбаевдин айтымында башкы архитектуранын талаптарына баш ийбей, өз алдынча жарнак орнотуп алган жарнамалык агенттиктер кездешет.

Бизге “Галион” деген жоопкерчилиги чектелген коом кайрылып, биз документтерин даярдадык, тиешелүү чечимдер да бар ал жерде. Бирок, тилекке каршы алар долбоорун биздин көрсөтмөнү эске албай жасап коюшкан окшойт. Азыр буга байланыштуу комиссия иштеп, өзүнүн жыйынтыгын чыгарат. Ушундан кийин гана кайсыл жерден ката кеткенин айтууга болот. Эч кимдин уруксатысыз орнотулуп калган жарнак такталары бар, аларды мындай окуя кайталанбашы үчүн алып таштайбыз”, – деди Тахир Хамданбаев.

Байкоочулар “Галион” фирмасынын жарнагына байланыштуу болгон кырсык бардык башка көрнөк-жарнактар аркылуу деле кайталанышы мүмкүн деп кооптонушат.

Бишкек шаарынын башкы архитектору Каныбек Нарбаев көрнөк-жарнактар атайын түзүлгөн схемага ылайык, мэриянын уруксаты боюнча жайгаштырыла тургандыгын билдирди. Бирок, анын айтымында, бардык учурда эле бул тартип сактала бербейт:

“Көрнөк-жарнактар боюнча шаар боюнча схемабыз бар. Ошол схеманын негизинде иш жүрөт. Бизден уруксат кагаздарын даярдалгандан кийин, ал мэриядагы комиссиядан өтөт. Жарнак орнотулгандан кийин конструкциясы, мазмуну бардыгы талапка жооп бергендей болушу керек. Көп жарнак такталары талапка жооп бербегендей учурлар бар. Азыр, мен тапшырма бердим, ошол схема боюнча кайсыл жерде калтырылат, кайсыл жерде алабыз, каралат. Чынында негизги көчөлөрдөгү жарнактарды азайттырышыбыз керек”, – дейт Каныбек Нарбаев.

Шаар ичиндеги жарнамаларды Бишкек шаардык мэриясынын карамагындагы “Үгүт” рекламалык-маалымат агенттиги көзөмөлдөй тургандыгы маалым болду. Мекеменин адиси Канат Кулуев, агенттик мыйзамдан кыйшаюусуз иштеп жатат деп ишендирди.
Бир апта мурда Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Ташиев көрнөк-жарнактар тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштап, бирок, отуз төрт добуш менен өтпөй калган.

Ошол жарнактарга уруксат берер маалда жергиликтүү бийлик органдары менен кошо архитектура да кошулуп уруксат берсин дедик эле. Себеби, архитектуранын уруксаты жок эле ошону коюп алып атышат. Туура эмес, жерге коюлуп калып атат же архитектуралык жактан чыдамы жок коюлуп калып кулап түшүп атат. Муну дагы мыйзам чегинде тыюу салалы дегем. Бирок, бул долбоорум көп депутаттардын залда жоктугуна байланыштуу өтпөй калды. Жарнак жөнүндө мыйзам бүгүнкү күндө толук аткарылбай жана аткарыла турган механизмдери жок болуп атпайбы,- дейт Камчыбек Ташиев.

Акыркы учурда барган сайын Бишкекте ширелишкен, түрдүү, кооз корнөк-жарнактардын саны арбып баратат. Акыркы айлары алардын катарын көчөлөрдүн кесилиштерине орнотулган электрондук жарнамалар толуктады.

Айдоочу Улан булар туурасында мындай дейт:“Бизге, азгырганы, мобу көп машине жүргөн жолдо кээ бири байкабай жарнамаларга кызыгып кетип сүзүшкөндөр көп болот. Азгырат экен, бирок, биз деле ага көп кызыкпай айдайбыз. Көбүнчө борбордук көчөлөрдө мындайлар көп болот.”

Илим Жанузаков, Бишкек

XS
SM
MD
LG