Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

БУУнун Коопсуздук кеңеши Жмайелдин киши колдуу болушун сынга алды


БУУнун Коопсуздук кеңеши Ливандын өнөр жай министри Пьер Жмайелдин киши колдуу болушун кескин сынга алды. Кечээ Жмайелдин унаасы аткыланып, ал оорукандана көз жумган. Коопсуздук кеңештин билдирүүсүндө Ливандын мурунку президенти Амин Жмайелдин уулу Пьер Жмайель өлкөсүнүн эркиндиги үчүн күрөшүп келгени жана антисириялык саясий күчтөрдүн лидерлеринин бири болгону айтылат. Антисириялык күчтөрдүн жана “Хезболла” тобунун ортосунда кагылышуулар уланууда.

XS
SM
MD
LG