Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Азербайжанда бир нече маалымат каражаты жабылды


Азербайжандын мамлекеттик мүлк комитети берген арыз менен Бакы соту кечээ күнү кабыл алган чечимге ылайык "Туран" маалымат агенттиги менен "Азадлыг" деп аталган гезиттин редакциялары алар ээлеген имаратты бошотууга тийиш. Андан тышкары кечээ күнү АНС деген үналгы түйүнү обого чыгуудан четтетилди, анын программасы күтүүсүздөн токтотулду: Программа - үналгынын тең-төрагасы Миршахин Агаев сүйлөп, алардын радиосу коркунучка дуушар болуп жатканы тууралуу айтып жатканда эфир үзүлдү. АНС мурда "Азаттык" үналгысынын программаларын дагы обого чыгарып келген. Өлкөнүн Улуттук үналгы жана сыналгы кеңешинин айтымында, АНС мурда көптөгөн эреже бузган, ага салынган айыпты төлөбөгөн жана мурда айтылган эскертүүлөргө көңүл бурган эмес. Бирок үналгы жетекчилигинин айтымында, алар Кеңештин эч кандай чечимин алган эмес. АКШнын Чет өлкөлүк радиоберүүлөр комитети Азербайжан бийлигинин аракетин сынга алды.

XS
SM
MD
LG