Азербайжандын АНС телерадиокомпаниясы бийликтерди сотко берди. 24-ноябрда азери бийликтери АНСтин берүүлөрүн токтотуп, компанияны салынган айыптарды төлөбөй, мыйзам бузууда деп айыптаган. АНС холдингине кирген радиостанция Америка Авазы менен Азаттык Радиолорунун берүүлөрүн обого чыгарчу. ОБСЕ Бакынын бул чечимин сынга алып, АНС компаниясы окуяларды обьективдүү чагылдырып келгенин белгиледи.