Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:03

19:22 Бакыт Калпетов кайрадан УККнын тергөө изоляторуна камалды


«Ата Мекен» партиясы тараткан маалыматка караганда, Бишкек шаардык соту бүгүн Бакыт Калпетовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү жөнүндө Бишкектин Биринчи май райондук сотунун бир күн мурдагы чечимин жараксыз кылган чечим чыгарган. Бул чечимден кийин Бакыт Калпетовду кайрадан УККнын тергөө изоляторуна алып барып камап салышкан. Аны Биринчи май райондук соту ЖК депутаттары Ө. Текебаев менен Б. Шерниязовдун кепилдиги астында кечээ камактан бошоткон болчу. Калпетов Бакыт МТРКнын баш деректиринин орун басары Б. Бекешовго кол көтөргөн деп айыпталып жаткан. «Ата Мекен» партиясы шаардык соттун чечими шашылыш түрдө, айыпкерге жана адвокатка прокуратуранын арызы тааныштырылбай туруп чыгарылганын белгилейт.

XS
SM
MD
LG