Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:44

ПРЕЗИДЕНТ К.БАКИЕВ ПАРЛАМЕНТТЕ СҮЙЛӨДҮ


Президент Курманбек Бакиев парламентке келип, сөз сүйлөдү. Ал Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынганы менен, анын иштешин камсыз кылуучу көп мыйзамдар кечигип жатканын жана аларды тез арада кабыл алуунун зарылдыгын белгиледи.

"Алдыда иш көп", - деди ал. Анын айтымында, өкмөт жөнүндө, саясий партиялар жөнүндө мыйзамдарды тез арада жаңыртуу керек. Баса белгилеп кете турган нерсе - К.Бакиев саясий партияларды Адилет министрлигинен кайра каттоодон өтсө кандай болот, деген пикирин айтты.

Экономикалык мыйзамдарды кабыл алуу керектигин белгилеген президент бюджет тууралуу мыйзамды тез арада кабыл алып берүүнү парламенттен суранды.

Президент К.Бакиев энергетика тармагындагы реформаны алга жылдыруу үчүн бир катар мыйзамдарды кабыл алууну көтөрдү. Нарын каскадындагы ГЭСтердин курулушун дагы тездетүүнү К.Бакиев башкы милдеттердин бири деп эсептейт.

Камабарата ГЭСтерин куруу үчүн, инвесторлорду кызыктыруу максатында ал ГЭСтерди жалпы ГЭСтердин курамынан бөлүп чыгып, өзүнчө бир биргелешкен ишкана түзүү зарыл, деп белгиледи К.Бакиев.

Анын айтымында, "Кыргызтелеком", "Манас" аэропорту, "Кыргызалтын" ишканасын мындан ары дагы менчиктештирүү жараянын улантууну карап көрүү керек.

HIPC маселесине кайрылган К.Бакиев эгер Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп берген программа болсо жана өлкөнүн тышкы карызынын 1 млрд. доллардайы кечилсе - мунун эмнеси жаман, деди президент. Ал ошол эле маалда Кыргызстандын көз карандысыздыгы толук сакталган шартта гана бул программага кошулабыз, деди.

Мына ушул тармактарга тиешелүү мыйзамдарды өкмөт тез арада сунуш кылышы керек, ал эми парламент аларды тез арада, жаңы жылга чейин кабыл алып бериши керек.

"Парламент өз ишин так аткарып, ушул мыйзамдарды кабыл алып бериши керек, мен парламентти таратууга каршымын, шайлоочуларыңарды сыйлайм, мындан ары деле силер менен иштеше берем, кыскасы, кошунаңды тандап албаган сыяктуу эле бийликке оңтойлуу парламент тандоого мүмкүн эмес, ошол эле маалда парламентте өз ишин, максатын билген депутаттар басымдуу деп ойлойм", деди президент К.Бакиев.

Кубат Оторбаев, Бишкек

XS
SM
MD
LG