Брюсселде чогулган Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмуна мүчө 56 өлкөнүн министрлери 2009-жылы Казакстандын бул уюмга төрагалык кылуусун талкуулоону кийинки жылга калтырышты. Казакстандын ЕККУга төрагалык кылышын караштырууга АКШ жана Британия каршы чыгып, ырасмий Астана уюмдун стандарттарына көп жагынан жетише электигин белгилеп келатат.