Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:34

КЫРГЫЗ ЖИГИТИН УРУП КЕТКЕН ҮЧ СКИНХЕДГЕ АЙЫПТАР ТАГЫЛДЫ


Төрөкул Дооров, Москва Жакында, 19-ноябрда, Москвага жакын жерде электричкада улутчул жаштардын, же скинхеддердин тобу кыргызстандык жаранды катуу уруп кетишкен болчу. Ушул аптанын башында Москва областындагы түштүк-батыш транспорттук прокуратурасы ал кылмыш иши боюнча шектелгендердин үчөөсүнө айып такты. Эми алардын иши сотто каралат. Анын аралыгында ооруканада комада жаткан кыргызстандык жигит эсине келгени кабарланууда.

Эсиңиздерде болсо, буга чейин скинхеддер уруп кеткен баланы 23 жаштагы кыргызстандык Чыңгыз Кайлыпов деп атаган болчубуз. Бирок Москва областтык прокуратурасынын маалыматына караганда, келтек жеген жигиттин аты Кубанычбек Солтоноев экен. 26 жаштагы Солтоноев 19-ноябрь күнү электричкада баратканда, анын чөнтөгүндө тууганы Чыңгыз Кайлыповдун паспорту болгондугу айтылды. Кийин скинхеддер аны уруп кетишкенде, ал оор абалда Склифосовский атындагы тез жардам ооруканаасына жеткирилген. Солтоноев бир канча күн бою эсине келбей, комада жатты. Эми ал өзүнө келип, аты-жөнүн айтып, туугандарын тааныганы кабарланууда.

Москва областтык түштүк-батыш транспорттук прокуратурасынын прокурору Людмила Евмененко «Азаттыкка» билдиргендей, ал кылмыш иши боюнча шектелген үчүнчү адамга да айып тагылды. Өткөн аптада эки адамга бул боюнча айып тагылган.

- Орусиянын Кылмыш кодексинин 282-береси боюнча «башка улуттагы адамды жек көрүү менен кол салган» жана «Адамды өлтүрүш үчүн кол салган» деген эки башка беренеге ылайык айып тагылды, - дейт прокурор Людмила Евмененко.

Анын айтымында, Кубанычбек Солтоноевке кол салгандар чынында эле улутчул жаштардын, же скинхеддердин тобунан болушкан.

- Алардын арасында эрезеге жете элек бала да бар. Алардын баары коллеждердин студенттери. Алар, чындап эле, скинхеддер.

Евмененко айымдын айтымында, Москвада Солтоноевдин жакын туугандары бар. Андан сырткары, комада жаткан жигиттин чынында ким экенин аныктоого Кыргызстандын Москвадагы элчилиги да жардам берди.

Элчиликтин консулдук кызматынын жетекчиси Данияр Сырдыбаев жапа тарткан Солтоноевдин абалы тууралуу «Азатыкка» буларды айтты.

- Кубанычбек Солтоноев комадан чыгып, өзүнө келди. Москвада анын ата-энеси жана агасы, эжеси жүрүшөт. Дүйшөмбү күнү аны башка ооруканага жеткиришмек. Абалы дале оор, бирок дарыланып жатат, - деди Кыргызстандын Москвадагы Элчилигинин консулу Данияр Сырдыбаев.

Москва областындагы түштүк-батыш транспорттук прокуратурасынын прокурору Людмила Евмененко «Бул иш боюнча үч адамга айып тагылып, ошону менен эле терөө иштери токтоп калбайт» дейт.

- Билесизби, биз азыр башка адамдардын да бул ишке тийиштиги бар-жоктугун аныктап жатабыз. Азыр бизде бул боюнча иш көп, анткени ал жерде 23 адам болгон. Демек, айып ушул үч адамга тагылып эле бүтүп калбайт, башка адамдар да болот, - дейт прокурор Людмила Евмененко.

Расмий маалыматтар боюнча, ушул 2006-жыл ичинде эле кеминде үч жолу Москвада КМШ мамлекеттеринин атуулдарына кол салуу болгону белгилүү. Алардын бирөөсүндө гана жабырлануучу тирүү калганы айтылат. Бирок бул - расмий гана маалымат. Канча окуялар бийликтерге жетпей калганын айтуу азырынча кыйын.

XS
SM
MD
LG