Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:38

“МАНАС” АВИАБАЗАСЫНДАГЫ ОКУЯНЫ УНАА ПРОКУРАТУРАСЫ ИЛИКТӨӨДӨ


Элен Куленбекова, Бишкек Президент Курманбек Бакиев Кыргызстандагы АКШ элчиси Мари Йовановичти кабыл алды. Өлкө башчысы элчиден "Манас" аскер базасында орун алган инцидиент тууралуу түшүндүрмөсүн укту. Бакиев ок чыгарган америкалык аскердин иликтөө иштери бүткөнчө Кыргызстандан чыкпай тура турушун талап кылды.

Президент Курманбек Бакиев Тышкы иштер министрлигине “Манас” аскер базасынын жоокерлеринин макамы боюнча АКШ элчилигинин нотасын кайра карап, изилдеп көрүүнү тапшырды.

- Аскер кызматчыларынын мындай мыйзамды бузган окуяларга туш келген кезде, Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде жоопкерчилигин кароо боюнча мүмкүнчүлуктү кайра карап чыгууну изилдеп көрүүнү тапшырды,- деп билдирди президенттин басма сөз кызматынан Досалы Эсеналиев.

АКШнын Кыргызстандагы аскерлери дипломатиялык макамга ээ. Бул аларга кол тийбестик укугун берет. Кыргызстандагы АКШ элчиси Мари Йованович менен болгон жолугушууда Президент бул окуяга тиешеси бар америка аскери иликтөө иштери бүткүчө Кыргызстандан чыкпай турушун талап кылды.

6-декабрь күнү саат түшкү экилер чамасында “Манас” аскер базасында күйүүчү май ташуучу ишкананын айдоочусу америкалык жоокердин огунан көз жумганын “Манас” аскер базасынан билдиришти:

-“Манас” аскер базасынын көзөмөл бекетинен өтүп кетет деген коркунуч туулгандан кийин АКШнын аскер-аба күчтөрүнун жоокери күч колдонгон. Өлүмгө алып келген бул окуя саат үчтөр чамасында болгон. Окуя болгон жерде базадагы дарыгерлер жараат алган адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. Чукул жардам көрсөтүү кабинетинде анын өлүмү тастыкталган.

6-декабрь күнү Ички иштер министрлигинин унаа боюнча башкармалыгынын оперативдүү – тергөө тобу окуя болгон жерге барып, каза тапкан айдоочуга ок көзөмөл бекетинде чыгарылганын аныктаган.

Маркумга 2 жолу ок атылган. Окуя болгон жерден тогуз миллиметрлик калибриндеги эки гильза, бир ок, кол менен жасалган бычак, маркумга тиешелүү документтер жана америка аскери Даниэль Расселдин кирүү күбөлүкчөсү табылган.

Кыргыз тарап бул окуя боюнча түшүндүрмө талап кылып, Тышкы иштер министрлиги 6-декабрьда АКШ элчисине нота жолдогон.

- Ушул инцидиент болуп өткөндөн кийин, Тышкы иштер министрлигине АКШ элчиси Мари Йованович чакырылды. Америка элчисине Тышкы иштер министри нота тапшырды. Болуп өткөн окуяга кыргыз тарап абдан терең тынчсызданып жатканын билдирди. Ушул иштин чоо-жайын мүмкүн болсо тезирээк иликтеп, түшүндүрүп берүү зарылдыгын белгиленди,- деп билдирди Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Нуржигит Кадырбеков.

Ички иштер министрлиген малымдашкандай 7-декабрь күнү, унаа боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү бул окуя үстүнөн кылмыш ишин козгоду, дейт министрликтин басма сөз өкүлү Руслан Умарбеков:

- Бул окуянын тергөөсү Унаа прокуратурасына берилген. Тергөө ошол жактан каралып атат. Биз жардам гана берип атабыз.

Унаа прокуратурасынан маалымдашкандай учурда иликтөө иштери журүүдө, анын-чоо жайы азырынча коомчулукка жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG