Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:54

АЗИЯ ОЮНДАРЫ: КЫРГЫЗСТАН 28-ОРУНДА


Кабыл Макешов, Доха 15-Азия оюндарында биринчи допинг жаңжалы тутанды. Мьянмалык спортчу оор атлетика боюнча аялдар арасындагы мелдештин катышуучусу Тан Кики допинг колдонду деп дисквалификацияланды. Ал 48 кг салмактагы категорияда төртүнчү орунду ээлеген.

Алгач 8-декабрга кыскача токтоло кетейин. Бокстан чейрек финалдык мелдештерге катышкан кыргызстандык Давран Хабиров менен Бекзат Тургунов экөө тең коло байгеге талапкер боло албай, жеңилүү ызасын тартышты. Жеңил атлетчилер дагы ийгилик жарата албады. Бул күнү жарышка чыккан Александр Золотухин, Анна Колюшкина, Денис Богреев,Сергей Паккура мыктылардын тобуна кошулбай финалга жетпей калышты. Төрт жыл мурда Түштүк Кореянын Пусана шаарында 14-Азия оюндарынын алтын медалын уткан Татьяна Борисова 800 метрге жарышка катышканы менен марага жетпей, мелдештен чыгып калды. Себеби ал 1500 метр аралыкка даярдык көрүп жаткандыктан күчүн сактап, кооптонуп койду. 14-Азия оюндарында ушул 1500 метр чуркоодо жеңишке жетишкен.

8-декабрда таэквандо боюнча мелдешке катышкан Жусупжан Абдумомуновдун жолу болбоду. Ал Казакстандык атаандашы Баатырбек Эстеболотого алдырып коюп, оюндан чыкты.

9-декабрда кыргыз спорт күйөрмандарынын үмүтүн жандырган грек рим күрөшү башталды. 60 кг салмакта Руслан Түмөнбаев түркмөн Давлетберди Мамедовду утуп, экинчи таймашууда жапан балбанынан жеңилип калды. Бирок, коло байгеге талапкердин иргеп алуу мелдешинде саударавиялык балбанды утуп, коло медаль үчүн күрөшүүгө укук алды. Ал казак балбаны менен кечинде күрөшөт. Бул салмактын баш байгеси үчүн кытай жана жапан балбандары кечинде күч сынашмакчы.

Пусанда өткөн 14-Азия оюндарынын финалында 74 кг салмакта Данияр Көбөнов оюн ээси түштүк кореялык балбанга каршы туруп, жеңип алса да калыстар алтын медалды кореялык жигитке ыйгарып коюшкан. Бул жолу да Доха шаарында ушундай көрүнүш кайталанды. Данияр Көбөнов Ирактын, Жапандын балбандарын артыкчылык менен утуп, финалга чыкса дагы калыстык болбоду. Ошентип, Данияр Көбөнов коло байге үчүн Өзбекстандык балбан менен кечинде килем үстүндө күч сынашат. Кыргыз спорт жетекчилери калыстардын одоно каталыктарын көрүп турса да, Даниярдын таламын талашууга жарашпады.

96 кг салмакта күрөшкөн Азамат Эркинбаев биринчи таймашууда эле сириялык Аукен Мухамедке алдырып коюп, мелдештен чыгып калды.

9-декабрда түштөн кийин Доханын спорт шаарчасында бокс боюнча чейрек финалдык таймашуулар башталды. Мында 60 кг салмакта биринчи беттешүүнү уткан Асылбек Таласбаев кореялык Ку Кинг менен коло байге үчүн талапкер катары күч сынашат. Жеңишке жетсе коло байге үчүн жол ачылат.

9-декабрда 81 кг салмакта Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Кымбатбек Рыскулов түштүк кореялык Сунг Шах Синг менен дагы рингде намыс талашат. Оор салмакта таластык Нурпаиз Төрөбеков 14-Азия оюндарынын чемпиону, Сидней олимпиадасынын коло байге ээси өзбек Руслан Саидов менен чыгат. Эгер жеңсе коло медалдын ээси болуп калышы ыктымал.

Бүгүн таэквандодон Аман Абыканов 62 кг салмакта мөөрөй талашууда чейрек финалдык күрөшүүгө укук алды.

Учурда көркөм гимнастика боюнча мелдештер улантылып жатат. Мында Алина Сабитова, Абахан Базаков, Фиолита Иванова өнөрлөрүн көрсөтүүдө. Кыргызстан азыр төртүнчү орунда бара жатат.

Жаа атуу боюнча Азия оюндарында Кыргызстандан Александр Бердиган катышып жатат.

Ат спорту боюнча Андрей Шолохин менен Ольга Сорокина Кыргызстандын намысын коргоодо.

Жалпы командалык эсепте Кытай биринчи орунда. Жапан өлкөсү экинчи, Түштүк Корея үчүнчү, Казакстан төртүнчү орунда келе жатат. 45 мамлекеттен 32 мамлекет байгелүү орундарга ээ болушту. Кыргызстан бир коло медалы менен 28-орунга ылдый жылып калды. Тажикстандын спортчулары кечээ бир алтын байге утуп алышып, 23-орунга көтөрүлүштү.
XS
SM
MD
LG