Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

АУГУСТО ПИНОЧЕТ ДҮЙНӨДӨН КАЙТТЫ


Соңку маалыматтарга караганда, Чилинин мурдагы президенти, диктатор атка конгон Аугусто Пиночет 91 жашында дүйнөдөн кайтты. Ал бийликке аскердик төңкөрүш аркылуу келген жана миңдеген адамдардын өмүрүн мамлекет башчысы болуп турган убакта кыйган деп соңку жылдары айыптылып келген болчу.

Чилинин экс-диктатору генерал Аугусто Пиночет 1973-жылы аскердик төңкөрүш менен бийликке келген жана ал 1990-жылга чейин 17 жыл бийликте турган убакта миңдеген адамдардын канына забын болгон деп соңку жылдарда айыпталып келген болчу.

Декабрдын башында анын жүрөгү начарлап, ага кан тамырын тиктирген операция жасалган. Операциянын алдында чиркөө кызматкерлердин алдында генерал керээз-мурасын айткан экен. Дарыгерлер анын абалы турукташып калгандыгын билдиришкен болчу.

Генерал Пиночетке 1973-жылы Кошмо Штаттары колдогон төңкөрүштө кулатылган президент Салвадор Алленденин эки жансакчысын уурдап кетип, өлтүргөн деген айып коюлуп, үй камагына отургузулган эле.

Соңку жылдары экс-диктаторго мындан тышкары, 1975-жылы саясий атаандаштарын дайынсыз жоготкон, саясий айыпкерлерди уурдап, кыйнаган, документтерди бурмалап, мамлекеттик акчаны уурдаган деген айыптар коюлган.

2004-жылы Кошмо Штаттарынын Сенаты ачыкка чыгарган документтен генерал Пиночет Вашингтондогу Риггс банкына 8 миллион долларды жашыруун салып койгондугу белгилүү болгон. 1991-жылы өкмөттүк комиссия жарыялаган отчетто Пиночеттин аскерий диктатурасы тушунда дээрлик 3200 киши дайынсыз жоголуп, өлтүрүлгөнү айтылган.

Ал эми 2004-жылы саясий түрмөлөр жана кыйноолор боюнча комиссия кеминде 28 миң киши Пиночеттин тушунда кыйноолордун курмандыгы болгон деп тапкан эле.

Кубат Оторбаев, "Азаттыктын" архивдеги материалдар пайдаланылды

XS
SM
MD
LG