Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:02

2006-ЖЫЛДАГЫ АЙРЫМ ОҢ ОКУЯЛАР


Нарын АЙЫП, Прага Аяктап бараткан 2006-жылы маалымат каражаттары негизинен Ирак менен Ооганстандагы согуш жана эң жогорку деңгээлдеги саясий талаш-тартыштар жөнүндө кабар таратып келди. Бирок 2006-жылы адамзаттын өнүгүүсүнө таасир кыла ала турган оң окуялар дагы болду.

Стокголм шаарында жайгашкан Тынчтык маселелерин изилдөө боюнча эл аралык институт 2006-жылдын башында чыгарган докладка караганда, жер жүзүндө жүрүп жаткан орчундуу куралдуу кагылышуулардын жалпы саны акыркы жылдарда бир топ азайды жана жылдын башында алардын саны 17 болчу.

Үстүбүздөгү жылдын март айында болсо Испаниянын аймагында көп жылдан бери элди бушайманга салып келген ЭТА аттуу террордук уюм өз аракеттерин токтоткону тууралуу жарыялады: "ЭТА деген кыска ат менен белгилүү болгон 'Эушкади та аскатасуна' 2006-жылдын 24-мартынан тартып куралдуу аракеттерди толугу менен токтотууну чечти", - деп жарыялады уюмдун басма сөз өкүлү.

Дүйнө жүзүндөгү өзгөрүүлөр жалаң эле терс жакка бурулуп жатпаганына дагы кеминде эки окуя далил боло алат. Америкалык миллиардер Уоррен Баффет июнь айында атайын билдирүү жасап, дүйнөдөгү эң бай адам Билл Гейтс түзгөн кайрымдуулук фондуна өз эсебинен ал 31 миллиард доллар кошо турганын жарыялады: "Мен алгач - жубайым экөөбүз 50 жыл иштеп тапкан мүлкүбүз анын колуна тийет деп ойлогом, мен андан эрте кайтыш болмокмун. Биз экөөбүз дайым ойлочубуз - биз чогулткан байлык кайрадан коомго берилиш керек деп", - деди миллардер 31 миллиард долларды кайрымдуулук коруна берип жатып. Анын жубайы анын өзүнөн эрте кайтыш болду.

Атактуу "Майкрософт" компаниясынын башчысы Билл Гейтс жана анын жубайы Мелисса негиздеген кайрымдуулук фондунда чогулган каражат жапа чеккен адамдардын маселелерин чечүүгө жумшалат. Башка бир миллиардер, Нью-Йорк шаарынын мэри Майкл Блумберг дагы саясаттан кеткенден кийин кайрымдуулук иштерине бурула турганын быйыл жарыялады.

Экинчи окуя ден соолук менен байланыштуу. Акыркы мезгилде зымсыз кол телефондор эл арасында кеңири тарады, Кыргызстанда андай телефондорго ээ адамдардын саны бир милионго жакындап баратат. Бирок айрым илимпоздор акыркы жылдарда андай телефондордун мээге терс таасири бар деп билдире баштаган.

Анткен менен Данияда жайгашкан Рак изилдөө институту жакында - кол телефон алып жүргөн адамдардын ден соолугу начарлап кеткени тууралуу эч далил табылбаганын жарыялады: "Андай телефондорду колдонгодордун арасында рак оорусунун көбөйгөнүн биз тапкан жокпуз. Мүмкүн, айрымдар - андай терс таасир 20-25 жылдан кийин гана байкалышы мүмкүн деп айтат. Биз өз изилдөөбүздү улантабыз, бирок андай боло турган болсо, анын издерин биз байкайт болчубуз", - дейт институттун деректири Йорген Олсен.

XS
SM
MD
LG