Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:34

17:54 Жалалабатта адам сатууга каршы жаштардын акциясы болду


Канаданын Казакстандагы элчилиги каржылаган акцияны Оштогу жаштардын “Голден гоал” аттуу коомдук бирикмеси уюштурду. Жалалабат, Ош, Баткен облустарынан жыйналган жаштар кулчулукка туш болбоонун мыйзамдык жолдору тууралуу маалымат алышты. Өз укуктарын коргоону билбей, жакшы жашоо максаты менен көпчүлүк жаштар жалганчы топтор менен адамдардын азгырыгына кирип, түрдүү кыйноолорго туш болоору белгиленди. Адам сатууну токтотууга байланыштуу сүрөт тартып, суроолорго жооп бергендерге баалуу белектер ыйгарылды.(YA)

XS
SM
MD
LG