АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс дүйнөдө адам укуктарын коргоону жана демократияны күчтөндүрүү боюнча 3 жаңы демилге иштелип чыккандыгын билдирди. Ага ылайык, өзгөчө кырдаалдарда бейөкмөт уюмдарга гранттарды бөлүп берүү үчүн укук коргоочулардын атайын фонду түзүлдү, ар кайсы өлкөлөрдө иш алып барган бейөкмөт уюмдардын абалын аныктоо үчүн “бейөкмөт уюмдардын 10 принциби “ деген документ иштелип чыкты, “Эркиндиктин коргоочуларынын сыйлыгы” негизделди. Бул сыйлык америкалык эмес бейөкмөт уюмдарга жана укук коргоочуларга жыл сайын тапшырылып турмакчы.