Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:15

ТАНДЕМДИН ТАГДЫРЫ НЕ БОЛОТ?


Премьер-министр Феликс Куловдун жалпы өкмөт курамы менен отставкага кетиши Бакиев-Кулов тандеми эмне болду деген суроону да кырынан койду. Бул кадамды тандемдин жасалмалуулугунун натыйжасы катары карагандар да, Кулов тарабынан тандемдин кулатылышы катары түшүнгөндөр да, ошондой эле бул саясий кадам менен Бакиев-Кулов тандеми кайра ого бетер күчүнө кирди деп эсептегендер да бар.

Жогорку Кеңеш депутаты, Бакиев-Кулов тандемине күбө өткөн адамдардын бири Өмүрбек Текебаев Куловдун отставкасына байланышкан жагдайды мындайча баалады:

- Тандем келишими – юридикалык документ эмес, саясий моралдык документ. Тандемдин бир беренесинде эгер премьер-министр отставкага кетсе Президент да кошо кетери көрсөтүлгөн. Кулов отставкага кетүү менен Президентти өтө ыңгайсыз абалга кептеди. Өлкөнү саясий-моралдык кризиске туш кылды.

Тандемдин эгер премьер-министр отставкага кетсе Президент да кетиш керек деген жобосуна Өмүрбек Текебаев кайра тактама берип, моралдык-жигитчилик планында кеткени оң болорун, ал эми юридикалык жактан Президенттин сөзсүз кетиши кажет эмес экендигин кошумчалады.

Белгилүү мамлекеттик ишмер, Бишкек гуманитардык университетинин профессору Тилектеш Ишемкулов Феликс Кулов тарабынан тандем келишимин бузуу – түпкүлүгүндө Жогорку Кеңешти таратуу менен бааланып аткандыгын баса белгиледи.

Феликс Кулов өзү болсо отставкага кетүү менен эле тандем бузулбастыгын билдирген: “Республикада иштеп, жашап жүргөн кезимде кандай да болсо өлкө ичинде туруктуулук болушуна колумдан келген аракетимди жумшай бермекчимин”- деп айткан.

Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиеванын оюу боюнча, парламенттик шайлоо да алыс эмес, Куловдун жалпы өкмөт тутуму менен отставкага кетиши – тандемдин ишинин олуттуу уланып жаткандыгын көрсөтөт:

- Тандем командасы бул саясий оюну менен өз позициясын бекемдеди. Ушул боюнча кете берсе Кулов кайра премьер-министр болуп келиши мүмкүн. Анткени, келечек парламенттик шайлоодо Бакиев-Кулов партиялары утат. Башкаларга мүмкүндүк бербейт.

Токтайым Үмөталиева андан аркы сөзүндө оппозиция сокурлук кылып, өздөрүнө саясий бычак сайган Конституцияга кол койдуруп алышкандыгын, удулун келтирип Бакиев-Кулов тандеми азыр оппозицияга сокку уруп жаткандыгын кошумчалады.

Бакиев-Кулов тандеми 2005-жылдын май айында түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG