Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:23

12:35 Конституциянын жаңы долбоору президенттин бийлигин күчөтөт


Талкууланып жаткан Конституциянын жаңы редакциясынын долбоорунда президенттин бийлиги күчөтүлгөн. Бул тууралуу оппозициядагы депутаттар айтып беришти. Маселен, мамлекет башчысы губернатор, акимдерди дайындоо укугуна ээ болот, күч органдары дагы президентке баш ийип калмакчы. Парламент таратылган учурда анын укуктары дароо президентке өтөт. Ошондой эле жаңы Жогорку Кеңеш шайланганга чейин өкмөт эски Конституцияга ылайык дайындалып, президент Жогорку Кеңештин макулдугу менен өкмөт башчысын коёт. Ушундан улам айрым депутаттар бул долбоор кайрадан бардык бийликти жалгыз президенттин колуна кайтарып берүү максатын көздөйт деп каршы болуп жатышат.

XS
SM
MD
LG