Британия, Франция жана Германия кечээ резолюциянын долбоорун карап чыгышты, бирок президент Владимир Путин коопсуздук кеңешчилери менен жолукканга чейин Орусиянын позициясы бүдөмүк бойдон кала берүүдө. Маскөөнүн БУУдагы элчиси Виталий Чуркин кечээ өз өлкөсүнүн турумуна мындайча түшүндүрмө берди:
– Ядролук куралды таркатууга тийешеси жок иштер толугу менен мыйзам чегиндеги кадыресе улана бериши керек. Бул биздин кызыкчылыгыбыз,-дейт Чуркин.
Ирандын ядролук программасына тийешеси бар 11 кишинин жана 12 уюмдун чет жактардагы банк эсептерин "тоңдуруу" чакырыгына Орусия тынчсыздануу билдирген. Санкциялар биринчи кезекте уранды байытууга, иштетүүгө байланышкан, ошондой эле оор суу менен иштеген реакторлорго жана баллистикалык ракеталарды жеткирүүчү жабдыктарга тийешеси бар кооптуу материалдардын жана технологиялардын импорт-экспортуна тыю салат.
Иран ядролук программасы тынчтык максатты көздөй тургандыгын айтып, аны уланта берээрин жарыялаган.
- Батыш санкцияларды киргизээри турган иш, анткени алар бизге басым жасагылары келет. Санкциялар Иранга жакшылык алып келбейт, бирок мында жаңы эч нерсе жок,- деп билдирди Тегерандын тургуну Али Жавади.