Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

19:00 Нарында Айт намаз шаардын борбордук аянтында өткөрүлдү


Нарындын учурдагы суугуна карабастан намаз окууга келгендердин саны болжолу эки жарым миң адамдын айланасын түздү. Шаардын жетекчиси Бейшенаалы Боогачиев жарандарды Курман айт майрамы жана алдыдагы Жаңы жылы менен куттуктап, сөз сүйлөп, өзү дагы намазга жыгылды. Облустук мусулмандар диний башкармалыгынын катчысы Таалайбек Жакыпов быйыл ажылыкка зыярат кылууга теңир тоо жергесинен 14 адам кеткендигин белгилеп, алардын парздары кабыл болушун каалады. Айт намаздан кийин мында келгендерге демөөрчүлөрдүн жана диний уюмдардын уюштуруусунда даам сыздыруу жөрөлгөсү өткөрүлдү. (KU)

XS
SM
MD
LG