Мындай пикирин бүгүн «Азаттыкка» «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун лидери Төлөкан Исмаилова билдирди. Укук коргоочунун оюнда азыркы парламент өзүнүн тарыхый милдетин өтөп бүттү, ошондуктан, ал өзүн-өзү таркатышы керек. Парламенттин кудуретин кайра-кайра жаңыртылып жаткан баш мыйзам да сактай албайт, дейт укук коргоочу. Ушундай эле мазмундагы кайрылууну Төлөкан Исмаилова баштаган төрт укук коргоочу Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынаардын алдында тараткан. (BuS)